Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

БАРСКООН КЫРСЫГЫНЫН ЖАҢЫРЫГЫ


18-июлда Барскоон кырсыгынан жапа чеккен Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундары «Кумтөр» алтын кенине тийиштүү жүк ташып кетүүчү базанын алдында нааразылык жыйынын уюштурушту. Жергиликтүү эл кырсыктан жабыр тарткандарга компаниянын компенсация төлөп беришин, экологиялык комиссия түзүп кырсыктын жаратылыш менен адамдарга тийгизген таасирин аныктап чыгышын талап кылышты.

«Алтын тамыр» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Догдурбек Атагелдиев мындан жети жыл илгерки окуяны абыдан жакшы билет. Жаңы чабылган арык менен толо агып келген сууну короосундагы бакка буруп кечке суу сугарганын, териси шылынган буту, мурдагы оорулары күчөп, шашылыш Бишкекке санитардык авиация менен жеткирилгенин, ооруканада айлап-жылдап шыпты тиктеп жатканын эстейт.

Айылдаштарын Көлдүн күңгөйүнө автобус менен алып кетишкенин, бапыраган айылдын бир заматта жетимсиреп бош калганын кийин ооруканада жатып укту. Догдурбек Атагелдиев Барскоон кырсыгына күнөөлүү адамдар жазаланбай, кырсыктын кесепети 7 жыл жабылып-жашырылып келгенине нааразы.

- Суунун башы мен элем да. Ошо сугарып атып үй-бүлөм менен жатып калдык. Жатып калгандан кийин анан үй-бүлөм менен мага самолет чакырып Бишкекке жөнөтүштү. Бир жыл ушул Бишкекте жаттым. Буттарымы көрсөңүз балыктай эле болуп түшүп калды. Бул бир. Экинчиси - ошол кезде короо- жайдын алма-өрүгүнүн акчасын бүт беребиз деп алдап, жаткан кишилердин баарына компенсация беребиз, Бишкектин эски аэропортунан үй салганга жер беребиз дешкен.

Жаңы бийлик тушунда Жетиөгүз районунун акими болуп дайындалган Замир Турдукеев элдин талабы сөзсүз аткарылыш керек дейт.

- Мен айтар элем, бизде бардык нерсе законченемдүү, мыйзам чегинде чечилсе жакшы болор эле.

Барскоон айылындагы «Карек» коомдук уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын маалымдашынча, кырсыктан жапа чеккендер кыргыз өкмөтү менен «Кумтөр» алтын кенине 9 талапты коюп, эгер аларды жакын арада чечпесе кенге кетчү жолду тосорун билдиришти.

- Элибиз болсо 25-июлга чейин мөөнөт берип атышат. Эгер ага чейин биздин талаптарыбызга жообун беришпесе, анда «Кумтөрдүн» бизге кереги жок.

Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, кырсык болгондон берки 7 жыл ичинде бир эле Барскоон айылынан 343 адам набыт болгон. 1998-жылкы кырсыкта 2 миң ашуун адам ууланып, алардын көбү майып болуп калышты. Эми алар тартышкан моралдык жана материалдык зыяндарын ордун 50 миң доллар деп баалап, алтын кендин төлөп беришин талап кылышууда.

Барскоондогу жыйынга катышкан «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын кабарлашынча, чогулган эл «Кумтөр» алтын кенинен зыяндын ордун толтуруу талабын коюшту.

- «Кумтөр» компаниясы ушу жапа чеккен адамдарга компенсация берүү маселесин чечиши керек,- деп билдирди Т. Исмаилова.

Ушу тапта «Кумтөр» алтын кенинен чыккан уулуу суулар тоң жердин үстүндө сакталууда. 100 миллион чарчы метр жерди ээлеген жасалма уу зат калдыктары сакталган жер экологиялык кырсыкка кабылса анын зыяны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан аймактарды каптап кетиш коркунучу бар. Алтын кенин иштетүүчү канадалык компания экологиялык коркунучту алдын-алуу үчүн 5 миллион доллар акчаны атайын эсепке которуп турат. Бирок бул адистердин айтымында, жетишсиз.

«Кумтөр» алтын кени менен жергиликтүү элдин ортосундагы 7 жылдан бери келаткан экологиялык кырсыктын залалы эмдигиче так укуктук баасын алалек.

«Кумтөр» алтын кенинин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн Барскоондо өткөн жыйын тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере алышпастыгын билдиришти.
XS
SM
MD
LG