Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

ПРЕЗИДЕНТТИН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ 14-АВГУСТКА БЕЛГИЛЕНДИ


Азиза Турдуева, Бишкек 14-августта Бишкекте Өкмөт үйүндө Кыргызстандын президентинин расмий түрдө кызматына киришүү аземи өткөрүлөт. Өкмөттүн токтому менен бул иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын төрагалыгына дайындалган вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 18-июлдагы маалымат жыйынында инаугурацияны өткөрүүгө көрүлө турган даярдыктар жөнүндө маалымдады.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын президентинин инаугурация аземине АКШ, Россия, Кытай, Европа өлкөлөрүнүн, КМШ шериктештигине кирген жана башка мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды. Учурда Улуттук коопсуздук комитети жана башка күч структуралары инаугурация аземине келе турган өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшүүдө.

Жыйында Адахан Мадумаров бул ирет президенттин расмий түрдө кызматына киришүү аземи жогорку деңгээлде өткөрүлөөрүн белгиледи:

- Биз президенттин расмий түрдө кызматка киришүү аземин жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Азыр өкмөт үйүндөгү чоң жыйындар залы ремонттолуп жатат. Биринчи ирет президенттин төш белгиси даярдалат. Бирок президенттин ант берүү аземи сценарий боюнча элге жакын болот. Азем Кыргыз телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми Алатоо аянтында мониторлор орнотулат. Ал жерге каалагандар келип, ант берүү аземин көрсө болот.

Өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдар да президенттин ант берүү аземи элге жакын өткөрүлүшү керек деген пикирлерин айтышууда. Буга байланыштуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:

- Эми бул жолку инаугурация мурда өткөрүлгөн мындай салтанаттардан айырмаланышы керек. Менин пикиримде, бул эң ириде март айындагы ыңкылап менен, жакында өткөн президенттик шайлоодо элдин 88 пайызы ыңкылаптын башкы жетекчилеринен болгон Курманбек Бакиевге ишеним көрсөтүп, добуш бергенине байланыштуу болушу керек. Мен ойлойм, Бакиевдин башчылыгындагы жетекчилер эл менен бирге болуу керектигин, элден алыстабаш керек экендигин жакшы түшүнүшөт .

Президенттин ант берүү аземин өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия да түзүлдү. Бул комиссия ант берүү аземин уюштуруу иштерин каржылоо маселелерин чечет. Инаугурацияга байланыштуу иш-чараларга чыгымдар бюджеттен сарпталат. Бирок азырынча канча каражат талап кылынаары белгисиз:

- Бул конституциялык азем. Ага акчаны үнөмдөөнүн кажети жок. Бул президенттин гана эмес, Кыргыз мамлекетинин да аброю. Бул иш-чарага сарпталган ар бир тыйын боюнча биз президентке отчет беребиз», - дейт Адахам Мадумаров.

Анын айтымында, Кыргызстандын президентинин төш белгиси даярдалат. Мындай төш белги мурда болгон эмес. Бирок көптөгөн өлкөлөрдө, алардын ичинде Россия, Казакстанда бар. Президент бул төш белгини кайсы учурларда жана кандай иш-чараларга тагынаары жөнүндө атайын мыйзам долбоору иштелип чыгат.

Президенттин ант берүү аземи өткөрүлгөн күнү Жогорку Кеңештин курамы чогулат. Президент антты улуттук тилде берет.
XS
SM
MD
LG