Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы чектөө киргизүүгө даярданууда


18-июлда Брюссел шаарында Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жайкы акыркы жыйыны болот. Анда карала турган маселелерлин катарында Өзбекстандагы абал дагы талкууланат жана Ташкенге каршы чара көрүү маселеси каралат. Европа Биримдиги жана башка дүйнөлүк уюмдар Анжиян окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылууда, бирок Ташкен ага каршы болгондуктан, Өзбекстанга санкция салуу маселеси көтөрүлүп жатат.

Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Эмма Удвиндин айтымында, Ташкенге сөзсүз басым жасалууга тийиш:

- Үстүбүздөгү жылы Анжиянда болгон окуялар боюнча жана Ташкен көз карандысыз эл аралык тергөө жүргүзүүгө каршы болуп жатканы тууралуу биз өтө тычсыздануудабыз. Биримдиктин жыйынында бул маселе дагы бир жолу каралат жана, менин оюмча, өзбек бийлигинин пикирин өзгөртүү үчүн дагы кандай басым жасоо мүмкүн экени талкууланат.

Анткен менен Өзбекстанга каршы кандайдыр бир санкция киргизүү чечими азырынча кабыл алынбайт:

- Мен ойлойм, дүйшөмбү күнү акыркы чечим кабыл алынбайт, бирок Өзбекстан менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелер чыңалып баратканы орчундуу нерсе. Ташкен биз менен кызматташууну кеңейтем десе, азыр анте албайт, биз ага барбайбыз. Мурда пландалган бир жыйын болбой калды жана дагы кандай басым жасоо мүмкүн экенин биз караштырып жатабыз. Кызматташуу боюнча түзүлгөн келишим кайра каралышы ыктымал, өзбек оппозициясына каршы колдонулушу мүмкүн болгон аспаптардын Ташкенге сатылышына да эмбарго салса болот, - дейт Удвин айым.

Брюсселдеги жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мурдагы баш катчысы Ян Кубиш Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп шайланууга тийиш жана, андан тышкары, Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе, Маскөө менен түзүлгөн акыркы мамилелер, Ооганстанда даярдалып жаткан парламенттик шайлоо, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан көтөргөн акыркы демилгелер жана башка маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG