Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

ПАКИСТАНДА КАЗА ТАПКАН СОГУШКЕРЛЕРДИН ЖАНЫНАН КАЗАКСТАНДЫН ПАСПОРТТОРУ ТАБЫЛДЫ


Пакистандын аскерий өкүлдөрү жекшембиде Ооганстанстан менен чегарага жакын жерде жок кылынган согушкерлердин бардыгы Казакстандын жарандары болуп чыкты деп маалымдашты. Түштүк Вазиристандагы кыштактардын биринде орун алган салгылашууга аялдар менен өспүрүмдөр катышканы айтылууда. Казакстандын Исламабаддагы элчилиги болсо согушкерлер казакстандык жарандар деп ырастоого азырынча эрте экенин билдирди.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү, генерал-майор Шавкат Султан жекшемби күнкү салгылашуу маалында жок кылынган согушкерлердин 17си тең Казакстандын жарандары экен деп билдирди.

Буга чейин алардын төртөө гана казакстандык деп болжолдонгон эле. Жекшембиде Пакистан менен Ооганстан чектешкен Түштүк Вазиристан чөлкөмүндө талиптер менен ал-кайидачыларга каршы атайын операция өткөрүлгөн эле.

Окко учкан согушкерлердин жанында казак паспорттору жана башка документтер табылганын генерал Султан операциядан кийин маалымдаган:

- Казакстанга таандык 4 паспорт табылды. Алар жок кылынган жана колго түшүрүлгөн адамдардын жанында экен. Алардын көпчүлүгү Казакстандан же ошол аймактын башка өлкөсүнөн деп болжолдонууда.

Бирок Султан согушкерлердин бардыгы тең казакстандык жарандар деп айтууга кандай негиз пайда болгонун түшүндүргөн жок.

Салгылашуу жекшембинин кечинде Мираншан деген кыштакта болгон. Курчоого алынган согушкерлер колго түшүүдөн баш тартып ок ачканда, аскерлер аларды аткылоого алышкан.

- Согушкерлер Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн жоокерлерине ок ачып, граната ыргытышты. Андан бир аскерибиз мерт кетти. Ок атышуу учурунда бир нече согушкер жок кылынып, бир нечеси жаракат алды, - деп айтып берди жекшемби күнкү кармаш жөнүндө генерал-майор Шавкат Султан.

Ал согушкерлердин арасында аялдар менен өспүрүмдөр да бар болуп чыкты деп кошумчалады:

- Бардыгы болуп 17 согушкер жок кылынды. Жарадар болгон 4өө колго түшүрүлдү. Согушкерлердин ичинде аялдар менен жашы жете элек балдар бар болчу. Алар да ок атып, граната ыргытышкан.

Согушкерлер жашырынып жүргөн жайда курал-жарак, жардыргыч заттар, детонаторлор табылды.

Ал эми Казакстандын Исламабаддагы элчилигинин маалымат катчысы Эрнур Туякбаев согушкерлер Казакстандын жарандары деп айтууга азырынча эртелик кылаарын айтып, Пакистандын расмий өкүлдөрү тараткан маалыматтар карама-каршы болуп жатат деп белгиледи.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү болсо согушкерлердин жанында табылган казак паспорттору жөнүндөгү суроого жооп берүүдөн баш тартышты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG