Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

АКШ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТААСИРИНЕН КОЛ ЖУУП БАРАТАБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Айрым адистердин пикирине караганда, тутумуна КМШдагы төрт мамлекет - Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Кытай кирген Шанхай кызматташтык уюмунун ушул ай башында Москвада өткөн жыйынынан кийин АКШ Борбор Азияда таасирин басаңдатканы калды көрүнөт.

АКШ буга чейин Борбор Азиядагы өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстанга адам укугун сактоо жана демократияны өнүктүрүү жагынан катуу таасир көрсөтүп келген. Айрым чет элдик адистердин оюнча, Кыргызстандагы март ыңкылабы жана Өзбекстандын Анжиян шаарындагы тополоңдон кийин АШКнын бул өлкөлөрдөгү таасири тез басаңдай түштү. Расмий Вашингтон аны идея, көз караштардын каршылыгы менен түшүндүрүп жатат. Бирок эл аралык эксперттер анын башкы сыры АКШ өкмөтүнүн террорго каршы ачкан чабуулунан ойдогудай майнап чыкпагандыгы менен Ооганстан менен чек арада укуктук мамиленин калыптанбагандыгында деп айтып жатышат.

Ошон үчүн Карнеги корунун Борбор Азия боюнча эксперти Марта Брил Олкотт айым “АКШ региондогу тамырынан айрылып баратат” деп билдирди. Анын ою боюнча, буга адам укугун коргоо жаатында АКШ баштаган эл аралык коомчулук катуу сындап келген өзбек президенти Ислам Каримовдун акыркы кезде тышкы саясатын Орусия менен Кытайга багыттай баштагандыгы жакшы далил. Анткени, бул мамлекеттердин жетекчилери менен коомчулугу адам укугун коргоонун эл аралык стандарттарын сактоо маселесине баш оорутпайт. Ошон үчүн Анжыян шаарындагы тополоңду күч менен басканда 113 адамдын өмүрүнүн кыйылгандыгына кейиген АКШнын окуяны эл аралык деңгээлде иликтөө талабына Каримов сыртын салып коюп, азыр америкалыктардын Канабаддагы аскерий базасын жаба тургандыгын кыйытууда.

Мындай эки кысымга бир кабылган АКШнын мамлекеттик департаментинин бир өкүлү “Биз демократия үчүн кысым жасоого умтулган жокпуз жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ниеттерибиз кайчылашкан жок” деп “Франс пресс” агенттигинин кабарчысына жакында билдирди.

Ал эми АКШнын аскерий базасы 2001-жылдан бери иштеп жаткан өлкө- Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Курманбек Бакиев ШКУнун чет өлкөлүк аскерий базаларды жабуу жөнүндөгү макулдашуусуна кол койду. Курманбек Бакиевдин билдирүүсү боюнча, Ооганстанда кырдаалдын калыптанып калгандыгы бул кадамга өбөлгө болуп калды:

- Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Ал жерде кырдаал турукташты. Эми АКШ базасынын бул жерде туруусунун зарылчылыгы жөнүндө маселени карап көрсөк болот. Ал качан, кандай болоорун, убакыт көрсөтөт.

Ал эми АКШнын армиясынын бирдиктүү штабдарынын башкы командачысы, генерал Ричард Майерс ШКУга мүчө мамлекеттердин АКШ менен суук селки боло башташына Орусия менен Кытай катуу таасир бергендиги менен түшүндүрдү. Анткен менен АКШнын да, Кыргызстандын да расмий бийлик өкүлдөрү авиабаза иштей берет деп билдиришип, аны жабуу маселеси күн тартибине чукул киргизилгендигине коомчулукту ишендирип жатышат.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт жакында “Азаттыкка” берген интервьюсунда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен президенттик шайлоодон кийин жолугушканда Отунбаева президенттик шайлоо бир адамды экинчи бирөө менен гана алмаштыруу болгон жок деп белгилегендигин билдирди. Олбрайттын айтымында, Кыргызстанда зирек адамдар абдан көп жана алар шайлоону демократияны өнүктүрүү үчүн жакшы түрткү катары пайдаланышы абзел:

- Мен Кыргызстандын демократиялык күчтөрү алдыга дагы өнүгүүгө жарамдуу деп ишенем

Мадлен Облрайттын билдирүүсү боюнча, АКШ Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланууга жана ага көмөктөшүүгө абдан кызыкдар.

Кыргызстандын бир катар атуулдары интернет аркылуу “Азаттык” радиосуна жазган каттарында америкалык жана батыштык аскерий базалар геосаясий тең салмактуулук үчүн керек экендигин билдиришүүдө. Алардын бири Болот Исмаиловдун айтымында, чет элдиктерден үйрөнө турган сапаттар арбын. Айрым жергиликтүү коммунисттер болсо АКШ базасынын турушуна башынан эле каршы.

XS
SM
MD
LG