Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Орусияда кыргызстандык атуул камакка алынды


БИШКЕК. Орусиянын Иваново шаарында камакка алынган 24 адамдын арасында бир кыргызстандык бар. Бул адамдар Өзбекстандын атайын кызматтарынын талабы менен камалган. Бул тууралуу маалыматты Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюму жана “Радио Франс Интернашионал” агенттиги таратты. Маалыматка караганда, тергөө жана сурак иштерине Өзбекстандын тергөөчүлөрү да катышууда. Бирок бул 24 адам уюшкан кылмыштык топ катарыбы же Анжиян козголоңуна байланыштуу кармалдыбы, азырынча белгисиз. 18-июлда Анжиян окуясында 13-майда түрмөдө качып чыкты делген Фергана облусунун тургуну, 25 жаштагы Бабуров Бишкектен кармалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG