Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

КҮН БААРЫНА БИРДЕЙ ТИЙИШИ КЕРЕК


Жалалабат облустук мамлекеттик бийлигинин имаратында эркин жана мамлекеттик маалымат каражаттары менен коомчулуктун өкүлдөрү бүгүнкү күндө олуттуу маселе болгон маалымат каражаттарын өз алдынча кое берүү маселесин талкуулашты. Анда басылмалар менен электрондук маалымат каражаттарын мамлекеттин карамагынан чыгаруу жаатында журналисттер менен окурмандардын ой-пикирлери дал келген жок.

Жыйынтыгы облустук жана улуттук сыналгыларды мамлекеттик башкаруудан чыгаруу, гезиттердин бийлик менен келишимдик негизде иштөөсүн, басылмаларга мажбурлап жаздырууну токтотуу талабы менен аяктаган талкуу президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алды. Басылмаларды мамлекеттик каржылоодон чыгаруу сунушу көпчүлүктүн түрдүү ойлорун жаратты.

Облустук «Акыйкат» газетасынын редактору Абдишарип Бекилов улуттук идеологияны жүргүзүүгө мамлекеттик гезиттин керектигин туура көрдү:

- Биздин мамлекеттин кызыкчылыгын, бүтүндүгүн сактай турган улуттук идеологияны алып чыга турган басылма, телевидение туруш керек.

Бейөкмөт уюмдун өкүлү Чынара Жусупова «эркин басалмаларга окурмандар психологиялык жактан даяр эмес» деген пикирди четке какты:

- Кайсы жактан айтып атасыңар силер даяр эмес деп. Эмнеси даяр эмес, алар окуй албайбы, же түшүнбөйбү, же сатып алалбайбы? Булар түрдүү суроолор. Менеджмент деп атасыңар, мааниси эмнеде, окурман даяр эмеспи, кайсыл жагынан даяр эмес, ошону аныкташ керек менимче.

Саясат таануучу Жеңиш Дүйшеевдин оюнда гезиттердин чама-чаркы менен да эсептешүү зарыл:

- Капастан чыгарып жибергенге салыштырыш керек. Капаста жүргөн жакшы, сырттан эч ким кол салбайт. Малды таратып жиберген сыяктуу 90-жылдардагы дароо шыр кетпешибиз керек, чама-чаркыбызга карашыбыз керек, төшөгүбүзгө карата бутубузду сунушубуз керек.

Облустук ички иштер башкармасынын бөлүм башчысы Сапар Багышевдин көз карашында басылмалар материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгүн чындалганда гана бөлсө болот:

- Биздин материалдык-техникалык база жетишип, бүт нерсе даяр болуп турса, анда өз алдынча болуп бөлүнүп чыгып кетсе болот. Азыр менимче даярданып, анан кийинчерек чыгып кетиш керек.

Эркин жана өкмөттүк маалымат каражаттарынын укуктары бирдей эмес. Мындай оюн айткан республикалык «Журналист» коомдук бирикмесинин эксперти Жалил Сапаров гезиттердин бирдей шартта болуусун жактады:

- Эркин болуш керек. Мамлекеттин тизмесинде, бийликтин көз алдында, карамагында болбош керек, бирдей шартта болуш керек. Бардыгына күн бирдей тийиш керек, мамлекет бирдей көздө карап, бирдей талап кылыш керек. Ал эми бирөөсүн койнуна катып алып, бирөөсүн ары жылдырып койгон бул адилетсиздикке жатат жана бул коммунисттик идеологиянын уландысы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG