Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ШАЙЛООГО КАНДАЙ КАТЫШТЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек 10-июлдагы президенттик шайлоого байланыштуу кыргызстандык эмгек мигранттары жашаган Орусиянын 13 шаарында шайлоо участкалары ачылып, добуш берүүгө Кыргызстандан барган көз карандысыз байкоочулар көз салышты. Орусиядагы кыргызстандыктардын шайлоого катышуу активдүүлүгү кандай болду?

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда 350 миңге жакын, ал эми айрым маалыматтарга ылайык, 600 миңге жакын кыргызстандык мигранттар бар. Аларга 10-июлда президенттик шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, шайлоо участклаары ачылган. Жалпысынан шайлоого Орусиянын шаарларында жашаган кыргыздардын жалпы санынын 10 пайызы гана катышканы айтылууда.

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен 11 байкоочу даярдалып, Орусиянын 9 шаарына, Москва, Иркутск, Самара, Красноярск, Санк-Петербург, Ростов-на-Дону жана башка шаарларга жиберилген. Мындай иш-чара «Мен таза шайлоо үчүн» деген аталыштагы жалпы атуулдук кампаниянын алкагында «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы, “Кел-кел” жаштар кыймылы, “Интербилим” эл аралык борбору, Атуулдк коомго колдоо көрсөтүү ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Байкоочулардын айтымында, Орусияда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү чындыгында алар жашаган шаарларда ачылган шайлоо участкаларына келип добуш бере алышкан жок. Анын себеби жөнүндө Новосибирск шаарында шайлоого добуш берүү иштерине көз салып кайткан Качкын Булатов мындай дейт:

- Мен Новосибирск шаарында байкоочу болдум. Бул шаарда 7 миңге жакын кыргыз иштеп, жашайт экен. Бирок шайлоого миңге жакын гана адам келип катышты. Анткени, билесиздер, ал жактагы кыргыздар милициядан көп чочулашат. Милиция алардан көп акча алып койот экен. Көпчүлүгү ошондон улам шайлоого келе албай калышты. Бирок чыгымдарга карабай, шайлоого мен айткандай, 1000ге жакын адам келди. Алардын ичинен 950сү Курманбек Бакиевге добуш беришти.

Орусиянын шаарларындагы добуш берүүгө көз салган байкоочулардын айтымында, ал жакта жалпысынан шайлоо мыйзам бузууларсыз өттү. Екатеринбург шаарында байкоочу болгон Татьяна Темирова буга байланыштуу мындай дейт:

- Добуш берүүгө баары паспорттору менен келип жатышты. Биз шайлоо күнүнө чейин кыргыз мигранттары иштеген курулуш объектилеринде, базарларда болдук. Биздин баамыбызда, алар шайлоого чыккан талапкерлер тууралуу, алардын программалары жөнүңдө жакшы эле кабардар болушкан. Добуш берүүгө шаарда жашаган кыргыздар жакшы эле келишти. Бирок алысыраак иштеп, жашагандардын көпчүлүгү милициядан чочулашып, келе алган жок. Шайлоого келгендер алар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөңдүгүнө ыраазылыктарын билдирип жатышты.

Атуулдук коомду колдоо борборлорунун Ассоциациясынын координатору Разак Ашымбаев белгилегендей, байкоочулардын маалыматтары боюнча, Орусияда добуш бергендер негизинен Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдошту:

- Орусиянын шаарларына барган байкоочулардын добуш берүү боюнча корутундусуна ылайык, шайлоого келгендердин 80 ден 90 пайызга жакыны Курманбек Бакиевге добуш беришти.

Маалыматтарга караганда, Орусиядагы кыргыздардын ичинен жалпысынан 32 миңге жакын гана адам добуш берүүгө келген. Айрым бейөкмөт уюмдардын пикиринде, Орусиянын шаарларында шайлоо участкаларын ачып, кыргызстандык атуулдар үчүн президентти тандоодо добуш берүүгө шарттарды түзүү өзүн актаган жок.

Буга байланыштуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын координатору Динара Ошурахунова мындай дейт:

- Биздин Орусиядагы атуулдарыбызга өлкө президентин тандоо үчүн каражат сарпталып, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө карабастан, бир нече шаарларда шайлоо участкаларынын ачылышы өзүн актаган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү болсо, Орусиядагы кыргызстандык атуулдардын добуш берүү укуктары алардын шайлоого катышуу деңгээли төмөн болгондугуна карабастан сакталышы керек деген көз карашын билдиришти.

XS
SM
MD
LG