Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАРЫЗЫ АРБЫГАНДАН-АРБЫП БАРАТ


20-июлда Улуттук банктын Кыргызстандын экономикалык турмушундагы ролу жана аткара турган кызматына арналган республикалык семинар ишин баштады. Жыйында мамлекеттин төлөө системасын өнүктүрүү, Париж клубу менен өз ара мамиле, финансы мекемелерине көзөмөл, колдогу акчанын жүгүртүлүшү сындуу маселелер туурасында пикир алышуу жүрдү.

Кыргызстандын акча-кредит саясаты кандай жүрүүдө, улуттук сомдун туруктуулугу эмнелердин эсебинен сакталууда, тышкы карыздарды төлөөнүн шарттары, калктын акчасы менен иштешкен 20 коммерциялык банктардын үстүнөн туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп турабы? Бишкекте ишин баштаган семинарда талкууланчу маселелердин негизгилери мына ушул суроолор болду.

Кийинки кездери маалымдоо каражаттарында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун Баткен коогалаңынын изи сууй электе өкмөттүн эсебинде турган акчаны АКШ долларына которуп, 420 миң долларды мурдагы президенттин колуна тапшырганы аркыл божомол-жоромолдорду жаратууда.

Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Айгүл Алдашева бул иште Улуттук банк төрагасынын эч кандай күнөөсү жок. Себеп дегенде, Улуттук банк өкмөттүн эсебинде турган акчаны которуп берүүгө милдеттүү дейт.

- Акчаны алмаштырып берүү - Улуттук банктын аткара турган милдеттеринин бири. Бул ар бир өлкөдө болчу иш. Биз аны сөзсүз аткарабыз.

Айгүл Алдашеванын ырасташынча, Улуттук банк 24-мартка чейин кандай иштесе, андан кийин деле ошондой эле ыраатта милдетин аткарып келатат. Элдик ыңкылап алдында Борбордук банктын Жалалабад шаарындагы бөлүмүнөн ири суммадагы акча уурдалган.

- Биринчиден, азыр тергөө ишин Башкы прокуратура өзү жүргүзүп жатат. Тергөө өз нугу менен жүрүүдө. Албетте, биз ага колдон келген көмөгүбүздү берүүдөбүз. Тергөө бүткөнчө бир нерсе деп айта албайбыз. Бул мыйзам коргоо органдарынын иши,- дейт Айгүл Алдашева.

Кыргызстандын акча-кредит саясатына Улуттук банк жоопкер. Анын негизги милдеттеринин бири инфляцияны – акчанын куну качышына жол бербештин аракетин көрүү, деп билдирди Улуттук банктын эксперти Лариса Цыплакова.

- Инфляциянын көкөлөп кетиши бул ириде кедей-кембагалдарга оорчулук алып келчү опсуз салык. Андан байлар зыян деле тартышпайт. Кысталыш кырдаалдан да байлар пайда табууга көнүшкөн. Инфляция күчөп атканда товарлар арбын өндүрүлүшү мүмкүн, бирок да чакталуу акчанын көзүн караган калктын аны сатып алууга даремети келбей калат.

Жыйын катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жараткан маселе Кыргызстандын тышкы карызы болду. 2 миллиард доллардан алдагачан ашып кеткен өлкөнүн тышкы-ички карыздары үстөгүнө кошулуп, арбыгандан-арбып барат. Быйыл март айында Париж клубуна мүчө өлкөлөр Кыргызстандын төлөп берүү убагы келген тыш карызын кайтарууну кийинкиге жылдырып, 124 миллион долларын кечип ийишке макул болгон.

Бирок да ыңкылаптын саясий сүрдымагы менен жашап аткан Кыргызстандын экономикалык жагдайы өткөн жылга салыштырмалуу анчалык дурус эмес. Улуттук банктын тышкы карыздар, валюта башкармалыгынын жооптуу кызматкери Раушан Сейткасымованын ырасташынча, эгемендиктин алгачкы жылдарында өкмөттүк мекемелер өзү билип эле тыштан карыз алууга өтүшкөн. Антишке мыйзам да жол берчү.

- Каржы министрлиги же башка бир министрликпи, кош тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, кредит алышка кызыкдар болчу. Аны тескеген, ыраатка салган механизм жок болчу. Бул иште күнөөлүүнү табыш кыйын.

Кайсы бир тармак жетекчисинин билип-билбей, өлкөгө тийчү салакасын терең ойлонбой жасаган аракетинин натыйжасын ушу тапта Кыргызстан жонтериси менен сезип, алган карызды кантип кайтаруунун амалын издеп отурган чагы.
XS
SM
MD
LG