Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

19-июлда Иракта ар башка кагылышуулардан 20 адам набыт кетти


Иракта кечээ күнү америкалык базада иштеген жумушчуларды ташып бараткан автобус буктурмага кабылып, 13 адам курман болду. Өлкөнүн ар башка аймактарында дагы жети киши набыт кетти жана ишембиден бери өлкөдө өлгөндөрдүн саны бир жүз жыйырмага жетти. Ирак президенти Жалал Талабанинин айтымында, мурдагы президент Саддам Хусейнге каршы сотту ылдамыраак баштабаса, коопсуздук абалы оңолбойт.

19-июлда Йорданияда Иракка жардам көрсөтүү боюнча эки күндүк конференция аяктады, ага алтымышка жакын мамлекет жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Канада өкмөтүнүн өкүлү Майкл Беллдин айтымында, Ирактын чарбасын калыбына келтирүү үчүн көрсөтүлгөн жардамды пайдалануу боюнча жаңы механизм иштелип чыгат жана маселе тууралуу даярдалган атайын долбоор эки аптанын ичинде ишке киргизилет.

XS
SM
MD
LG