Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Улутук банктын кызматына байланыштуу маселелер талкууланды


БИШКЕК. 20-июлда Бишкектеги «Ак-кеме» мейманканасында Улуттук банктын Кыргызстандын экономикалык тармагындагы ролуна жана анын аткарган кызматына арналган семинар-жыйын өттү. Анда мамлекеттин төлөө системасын өнүктүрүү, Кыргызстандын тышкы карыздарына байланыштуу, өлкөдөгү финансы мекемелерине көзөмөл жүргүзүү жана башка маселелер талкууланды. Жыйында айтылгандай, Кыргызстандын тышкы карызы ага кошулган үстөк пул менен жыл сайын көбөйүүдө. Учурда өлкөнүн тышкы карыздары 2 млрд.ка жакын АКШ долларын түзөт. Ал эми ушул жылдын март айында Париж клубуна мүчө өлкөлөр Кыргызстандын төлөп берүү убагынын мөөнөтү келген тышкы карызды кайтарууну кийинкиге жылдырган. Анда ошондой эле Кыргызстандын 124 млн. доллар карызын кечүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG