Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

БШК Курманбек Бакиевди Кыргыз Республикасынын президенттигине каттады


БИШКЕК. 20-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо Кодексинин 68-беренесинин 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине
Курманбек Бакиевди каттоо боюнча токтом кабыл алды. Аталган токтом 16-июлда Конституциялык соттун 10-июлдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев өлкө башчылыгына мыйзамдуу шайланды деген корутундусунун негизинде кабылданды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Ошондой эле БШК Курманбек Бакиев президенттик кызматка расмий киришүүгө байланыштуу салтанатта ага президенттин күбөлүгүн, президенттин айырмалоочу төш белгисин тапшырууга байланыштуу чечим кабыл алды. Президенттин инаугурациясы 14-августта Бишкекте өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG