Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

ШКУнун АКШга АЙБАТЫ, БАШ ООРУТКАН “БАКМА” ГЕЗИТТЕР ЖАНА ЭС АЛБАГАН ЖАШТАР


Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков мурдагы бийликтин “бакма гезиттерине” кайрадан жазуу иштерин уюуштуруп жатканы туурасында ”Жаңы кылым” гезити жума күнкү санында жазды. Ал эми апта сайын чыгуучу “Заман Кыргызстан” гезитинде жакында Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынынын өтүшү тууралуу макалага орун берилди.

“Заман Кыргызстан” апталык басылмасы 22-июлда чыга турган санында бир нече саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди көтөргөн макалаларга орун берүүдө.

Журналист Илим Жанузаков «Дүйнөлүк саясий оюндардын очогу - Борбор Азия» деп аталган макаласында жакында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун АКШга жасаган айбаты, дегеле, улуу Кытай империясынын улам кенен жасап келе жаткан арышы туурасында ой таштайт. «Жакында Казакстандын борбору Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында, Орто Азияга орун-очок алып келаткан АКШга карата ачык түрдө каяша жасалды. Негизи эле ШКУнун курулуш максаты да ушул болчу» дейт автор.

Чындыгында, Батыш менен океандын ары жагындагы АКШнын Борбор Азияга кызыкдар болушу албетте, көп сөздүн башы.

Ал эми Канымгүл Элкеева «Жайда жаштар эс албайт, жумуш издейт» деген макаласында «Жаштар айрыкча, студенттер жайкы эс алуу күндөрүн ойдогудай деле өткөрө албайт. Баары каражатка байланышып, ата-энесин 2-3 жылдап көрө албай, «эптеп күзгө чейин акча таап алалы» дешет» деп жазат. Андан ары жаштар менен болгон диалогду окурмандарга сунуш кылат.

Экс-президент Аскар Акаевдин “Жаңы саясат” интернет-журналына берген маегин “Вечерний Бишкек” гезити 20-июлдагы санында басып чыкты.

15-жыл президент болуп туруп, бийлик жүргүзүүнүн кандай сабактарын алдыңыз деген суроого өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаев “Бийлик-бул оор жүк. Бирок мен президент болгонума өкүнбөйм. 15 жыл бийликте болуу-бул чоң мектеп, бул мектепти мен башынан аягына чейин өттүм. Ал эми 24-марттагы окуялар тууралы айтсам, “Атпагыла” деп буйрук берип, атуулдук согушка жол берген жокмун”, деп жооп берген.

Ал эми “Жаңы кылым” гезити жума күнкү санында журналист Жыпара Жээналиеванын “Бакма гезиттер элдин баштарын кайрадан оорута баштады” деген макаласын жарыялады.

“24- марттагы ыңкылаптан кийин элдин жашоосу түп тамырынан бери өзгөрөт, элге бийлик тарабынан административдик ресурс колдонулбайт деген сөздү укканда ылайым эле ушундай болсо гана деп, кээ бир атуулдар көздөрүнө жаш алганына күбөбүз”, деп жазат автор .

Ошондой эле макала автору жергиликтүү бийликтин дарегине сын пикирин да айтты. Автордун жазганына карганда, жергиликтүү бийлик ээлери дайыма мыйзамга каршы иштеп келишет.

“Мурдагы бийлик ээлери “адам укугун сактаган өлкө” деген ураанды бетине кармап, карапайым калкты 14-15 жыл эзип келгенин эске алсак, анда жаңы бийликтин, тагыраак айтканда, Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда мурдагы бийликтин “бакма гезиттерине” кайрадан жазуу иштерин уюуштуруп жатканын кандай түшүнсө болот, же жаңы бийлик эски бийликтин нугунан чыга албай жатат деген элдин сөзү чынбы?” деп жазат макала автору.

Ушул эле гезитте “Топчукем томуктай болгон сырын айтты” деген макалага орун берилди. Анда “Эркиндик партиясынын” лидери Топчубек Тургуналиев 10-июлда өткөн президенттик шайлоо адилет өттү деп билдиргени, анын мурдагы бийлик кетирген каталарды кайталабашы үчүн жаңы бийликке берген сунуштары тууралуу жазылат.
XS
SM
MD
LG