Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Сербиялык генералдын эл аралык трибуналга багынып бериши үчүн акча төлөнгөн


Сербия өкмөтү кечээ күнү билдиргенге караганда, 1998-1999-жылдарда Косово аймагындагы кагылышуулар учурунда аскерий кылмыш жасаган деп күнөөлөнгөн генерал Владимир Лазаревич Гаага шаарындагы Бириккен Улуттардын атайын трибуналына өз эрки менен барышы үчүн генералга 500 миң евро төлөнгөн. Андай төлөм жасалышы үчүн өлкөнүн Каржы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 3-февралында чечим чыгарган жана ошол эле күнү Лазаревич Гаагага жөнөгөн. Бардыгы болуп өткөн октябрдан бери Трибуналга 14 сербиялык жаран өз эрки менен багынып берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG