Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Вашингтондун айтымында, Кытай АКШга аскерий коркунуч түзгөн жок


АКШ өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Скотт Маклеллан кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Кытай Америка Кошмо Штаттарына коркунуч түзүүдө деп Вашингтон эсептебейт деп жарыялады. Жакында АКШнын Коргоо министрлиги атайын отчет чыгарып, акыркы жылдарда Кытайдын аскерий жөндөмдүүлүгү өсүп баратат жана андан кошуна мамлекеттерге коркунуч түзүлүшү мүмкүн деп билдирген. Андан кийин болсо бир кытайлык генерал өзүнчө билдирүү жасап, эгер Тайван маселеси боюнча АКШ менен Кытай ортосунда чатак чыкса, Бээжин өзөктүк курал колдонууга да даяр деп айткан.

XS
SM
MD
LG