Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Украинада өлтүрүлгөн журналист Гонгадзенин иши боюнча АКШда да тергөө өткөрүлөт


Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Олександр Турчиновдун айтымында, мындан беш жыл мурда өлкөдө өлтүрүлгөн журналист Георгий Гонгадзенин иши боюнча эки башка тергөө жүргүзүлүүдө:

- Биздин өтүнүч боюнча АКШнын Федералдык тергөө бюросу Мельниченко жазып алган магнит тасмаларын өз алдынча иликтейт. Мен АКШга барганда ал тууралуу Бюронун деректири Роберт Мюллер менен макулдаштым. Менин оюмча, эки тергөө бир-бирине жолтоо болбойт.

Мурдагы президент Леонид Кучманын коопсуздук кызматында иштеген Мельниченко Батышка качкан жана анын айтымында, Гонгадзени өлтүрүүгө буйрукту Кучма өзү берген.

XS
SM
MD
LG