Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Ош шаарынын жүз чакты тургуну 16 гектар жерди басып алды


ОШ. Өзүн Матраим кызы Рахима деп тааныштырган жер ээлеп алуучулардын лидери 10-15-жылдан бери кезекте турушуп, мыйзамдуу түрдө үй сала албай жүргөн адамдар биригип, жер басып алууга аргасыз болушкандыгын билдирди. Облустук архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган жер участогу 2004-жылы өкмөттүн чечими менен “Холсейл” кыргыз-инди биргелешкен ишканасына 49 жылга ижарага берилген. Ишкана жетекчиси Мурат Жээнбеков кыргыз-өзбек чегара тилкесине жакын жайгашкан бул чегара аймагында соода борборун куруу үчүн жер мыйзамдын негизинде берилгендигин белгиледи. Анын айтымына караганда, жер участоктору 2004-жылга чейин Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик жер фондунун эсебинде болгон. Ал эми жер басып алуучулар коюлган талаптарды угууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келбей жаткандыгын эскертүү менен мамлекеттик бийлик маселени тез арада чечип бербесе, кум, таштарды төгүп, турак-жай куруу иштерин баштоого кирише тургандыктарын жарыялашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG