Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Ооруга чалдыккан бозгундар Сузак ооруканасында дарыланууда


ЖАЛАЛАБАТ. Лагерде азыр алардан башка 419 бозгун жашоодо. Мындай маалымат 21-июлда качкындар лагеринин деректири Акжол Абдыкеримовдон алынды. Адам укугун коргоочулардын бозгундардын ууланганы жөнүндө маалыматты облустук санитардык эпидемия станциясы жокко чыгарды. Станциянын башкы дарыгери Тыныбек Жоробаевдин билдиришинче, ооруканада эки күндөн бери жаткан бозгундардын экөөсүнүн ичи өткөн, төртөөнүн баш жана тиши ооруган, экөөсүнүн ашказандарынын өнөкөт дарты кармаган. Ичи ооругандардын ууланганын тактаган лабораториялык маалыматтар чыга элек. Райондук санитардык эпидемия станциясы атайын көрсөтмө берилгенге чейин 21-июлдан тарта качкындар лагерине карантин жарыялашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG