Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Прокуратурага кызматкерлер конкурс менен алынат


БИШКЕК. Башкы прокуратурадагы бош орундарга кызматкерлерди алуу боюнча Аттестациялык-консультативдик комиссиянын алгачкы жыйыны 21-июлда болду. Жыйында айкын болгондой, Башкы прокуратурадагы 10 бош орунга 215 адам арыз берип, алардын 127син 26-июлга дайындалган тестирлөөгө катыштыруу чечими кабыл алынды. Аттестациялык-консультативдик комиссияга адам укугун коргоо уюмдарынын, маалымат каражаттарынын жана прокуратура кызматынын өкүлдөрү кирген. Башкы прокуратура ошондой эле 22-июлда коллегиясын өткөрүп, анда акыркы үч айдагы ишинин жыйынтыгын чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG