Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

“Завод сверл” корголот


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев “Завод сверл” акционердик коомунда өндүрүштү жандандыруу жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык өкмөт алдындагы мамлекеттик салык инспекциясына аталган заводдун салык жана айып пулдарын төлөөгө 10 жылдык мөөнөт берүү тапшырылган. Бул завод мамлекеттик казынага учурда 16 миллон сом карыз. Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлиги билдиргенге караганда, президенттин бул буйругу металл кесүүчү курал-жарактарды чыгарган Борбор Азиядагы жалгыз өнөр жайды сактап калууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG