Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Жогорку соттун айрым судьяларын кызматтан кетирүү маселеси кайрадан көтөрүлүүдө


БИШКЕК. Парламенттик шайлоо боюнча талаш жети округдун шайлоочулары “АКИ- пресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун жана 9 судьянын отставкасын талап кылышты. Алардын айтымында, бул кадам сот реформасынын башталышы болуп калмак. Жогорку сотту 25-апрелден бери ээлеп турган шайлоочулардын арызын иликтөө үчүн түзүлгөн эксперттик комиссия өз бүтүмүн чыгарып, Президент алдындагы акыйкаттык боюнча Улуттук кеңешке жөнөткөн. Шайлоочулардын айтымында, аталган Улуттук кеңеш азырынча бул бүтүмдүн үстүндө иштей элек. Комиссия бул округдардын ишин караган Жогорку соттун судьялары мыйзам бузууларга барышкан жана шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишкен деп тапкан. Бул эксперттик комиссиянын курамына кирген Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиев ант бергенден кийин Жогорку сот боюнча саясий чечим кабыл алышы керек деп билдирди. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, он чакты күндөн кийин арызын кайта алган.

XS
SM
MD
LG