Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

10 миң даана паспорт берилет


БИШКЕК. Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агентиктин 21-июлдагы маалымдоосуна караганда, 2004-жылкы үлгүдөгү 10 миң даана паспорт агенттикке келип түштү жана ал атуулдарга бериле баштайт. Паспорттун баасы жалпысынан 400 сомдун тегерегинде болот. Кыргызстан менен байланышты үзгөн Молдованын «Регистру» компаниясында дагы 109 миң даана паспорт бар. Бирок аларды алуу мүмкүн болбой турат, деп белгилешти агенттиктен. Калкты паспорт менен камсыз кылууга ички иштер министрлигинин паспорт-виза башкармалыгы да киришүүдө. Маалыматка караганда, башкармалык 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт бланкаларын басып чыгарган америкалык «Banknote» фирмасы менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал фирма 1994-жылкы үлгүдөгү 100 миң даана паспорт бланкасын басып берүүгө ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG