Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

СПИД ИЛДЕТИ БОРБОР АЗИЯДА ДА ЖАЙЫЛЫП БАРАТАТ


Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдарынын жана мамлекеттик структураларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкекте баңгиликке жана ВИЧ СПИДке каршы күрөшүү боюнча конференция бейшембиде өз ишин баштады. Конференциянын катышуучулары СПИД оорусунун жайылып кетүү коркунучу жана илдеттин алдын алуу маселелерин талкуулашууда.

Жыйында ВИЧ инфекциясы соңку мезгилде Борбор Азияда улам жайылып баратканы негизги сөз болду. Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстан СПИД эпидемиясы ар тараптан күч алып жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет деп эч ким ойлогон эмес. Бириккен Улуттар уюмунун отчетуна ылайык, Кыргызстанда ВИЧ инфекция акыркы жылдары 3,5 эсеге өскөн. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2005 жылы ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 735 адам, алардын 36 сы СПИД илдети менен катталган. “СПИД” бирикмесинин берген маалыматына ылайык, СПИД менен катталган учурлар негизинен ОШ, Чүй жана Бишкекте байкалат.

“СПИД” республикалык бирикмесинин башчысы Борис Шапиро Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда СПИД оорусуна чалдыкканардын саны кыйла төмөн экенин баса белгилеп кетти:

- Борбор Азия боюнча Кыргызстанда СПИДке чалдыккандардын көрсөткүчү эң төмөн деңгээлде турат. СПИДди эч качан жашырбаш керек. Биз бул илдет менен күрөшүүдө болгон аракеттерибизди жумшашыбыз керек. Эл да бул дарт боюнча маалым болушу зарыл. Тилекке каршы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен СПИД менен күрөшүү маселеси Казакстанда курч. Менин жеке оюм боюнча, Казакстанда абал оорураак.

Ал эми Тажикстандан келген “Ран” коомдук бирикмесинин жетекчиси Муртазокул Хидиров ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны жылдан жылга өсүп баратат деген тынчсыздануусун билдирди:

- 2002-жылы ВИЧ менен 11 адам катталган болсо, бүгүнкү күндө расмий түрдө бул илдет менен 385 адам каттоодо турат . Бирок бул катталгандардын гана саны, ал эми чындыгында ВИЧке чалдыккандардын саны 5 миңге жетти. Алардын 60 пайызы баңгилер жана ВИЧти инъекциялык жол менен жугузуп алышкан. Тажикстанда ВИЧ менен ооруган бир да адам өзүнүн статусун ачык айта элек. Мунун көп себептери бар. Алар коомчулуктун пикиринен коркушат.

Биз 21-кылымда жашап жатканыбыз менен, илим азырынча ВИЧ СПИД маселесине жооп бере албай жатат. СПИД жана башка дарттарга каршы күрөшүүдө маалымат жана билим негизги факторлор болуп саналат. Бирок ушундай агартуу иштери акыркы 2 жылдан тартып гана жүргүзүлө баштады.

Муртазокул Хидиров Тажикстанда СПИД оорусун профилактика боюнча агартуу иштери анча эфективдүү болбой жатканын айтты:

- Калктын аз бөлүгү гана СПИД оорусу эмне экенин билет, агартуу иштерин жүргүзүү зарыл. Анткени көбү эле ВИЧ СПИД кандай жол менен жугаарын билбейт. Тилекке каршы Тажикстанда туура чечимдер кабыл алынбай келет. Мисалы Кыргызстандан өзгөчүлүгү, бизде бүгүнкү күнгө чейин метадон менен терапия өткөрүү маселеси чечиле элек.

Кошуна Тажикстандан айырмаланып, Кыргызстанда ВИЧ менен ооруп жаткандыгын бир гана адам ачык билдирген. ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандарды басмырлоо-бул адамдар тарабынан ушул теманы этибарга албоонун же дарт жөнүндө туура эмес маалымат алуунун натыйжасы дейт “Көз караш” бейөкмөт уюмунун координатору Нурлан Шанкоров:

- Өлкөдө ВИЧ тууралуу туура маалымат жок. Бул илдет саламдашканда кол аркылуу берилет, бир бөлмөдө отурса, же болбосо кучактаганда жугат деген сөздөр айтылып келет. Мына ушундай туура эмес маалыматтын кесепетинен ВИЧке чалдыккандар коомчулуктун мамилесинен коркуп, өзүнүн статусу тууралуу ачык билдиргиси келбейт.

XS
SM
MD
LG