Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

ЦЕМЕНТТИН КАЙРА КЫМБАТТАШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП?


Акан Иманов, Бишкек 24-марттагы ыңкылаптан кийин, курулуш материалдарына, тагыраак айтканда цемент менен шиферге болгон баа кескин арзандап кеткен эле. Бирок акыркы мезгилде алардын баасы кайра кымбаттап кетти. Анын себеби эмнеде?

Быйылкы жылдын апрель айында бир кап цементтин баасы 100 сомдун тегереги болсо, учурда 160 сомду чапчып барууда. Биз Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардын биринде орун алган цемент сатуучу жайга барганыбызда баанын кымбаттыгына нааразы болушкан ал жердеги алуучулар мындай пикирлерин билдиришти:

- Жамбы Матазимова, жакында сыналгыдан цементтин бир тоннасы 1450 сом, шифердин даанасы 84сом болот дегенин көрүп кубанганбыз. Бирок баягы эле баа, үч тонна цемент алдым, 10000 сом ошого эле кетти.

- Мен КадамбекЭсенбек уулу,там салайын деп жаңыдан фундамент куюп баштагам,чөнтөгү жука кишиге бир мүшөк цементти 150-160тан алуу кыйын экен.

- Атым Айнура. Былтыр цементтин кабын 130дан алганбыз. Азыр щаардын ичинде 180 сом деп жатышат.Өзгөрүү эмес андан да жаман болуп жатат.

Канттагы Цемент-шифер комбинатынан аталган продукцияны сатып алып, кайра Бишкекке алып келип саткан, ортомчу Нурлан аттуу жигит баанын кымбатташын мындайча түшүндүрдү:

- Цементтин баасы комбинатта көтөрүлгөн жок, менимче тоннасы 1680 сомдон болуш керек. Биз ал баа менен алалбайбыз, алсак 80 сомдун тегерегинде сатмакбыз, азыр биз 160 сомдон сатуудабыз, себеби «Цемент-Трейдинг», «Каракол» жана башка фирмалар ортомчулук кылып бизге 2680 сомдон сатышууда. Биз заводдун өзүнөн алалбай жатабыз. Мурун завод баасы менен саткан атайын дүкөн бар эле, ошол кайра ачылса баа арзандамак .

Бул маселе тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев төмөкүдөй пикирде:

- Себеби бирөө эле, кайра бирөөлөр отурду да, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп.

Ал эми экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу монополияга каршы саясат боюнча департаментинин директору Акыл Айтбаев цементтин арзандап, кайра кымбатташы тууралуу сурообузга мындайча жооп узатты:

- Ыңкылаптан кийин баанын тушкүп кеткен себебин мен так айталбайм, менимче «Соода үйү» деген бар эле, ошол иштебей, ошондуктан тушсө керек. Азыр эми ошол адамдар башка жол таап атышат окшойт,.Азырынча айта албайм. Силер атйкан ортомчу фирмалар азыр жок ,мурда бар болчу. Ал эми цементтин баасын түшүрүү максатында комбинат менен сүйлөшүп жатабыз. Буйруса, ушул жуманын аягында Бишкектин эки жеринде фирмалык дүкөндөр ачылат. Ар бир областка атайын соода борборлорун ачып жатабыз. Канчалык тез элге жеткирип, сата баштасак, ошол күндөн тартып, баалар түшө башташ керек.

Цементтин 1 тоннасы буга чейин 1620 сом болсо, монополияга каршы саясат боюнча департамент 4-июлдан тарта 1452 сомго түшүргөн. Бирок комбинатта баа арзандаганы менен, жер-жерлерде баа өз алдынча кайра эле көтөрүлүүдө.
XS
SM
MD
LG