Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

ПАРЛАМЕНТ ТАРКАЙТ-ТАРКАБАЙТ, БАЙЛЫК МЕНЕН БИЙЛИК АЗГЫРЫГЫ


Кийинки кездери жалпыга маалымдоо каражаттарынан парламентти таратуу керекпи-жокпу суроосу түшпөй келатат. Антишке айрым саясий партиялардын элден кол топтоого киришүү убадасы себеп болду окшойт. Ал арада 17-июндагы башаламандыктын чоо-жайы ачыкка чыга баштады.

Парламентти таратууга сиз каршысызбы же жокпу?- деп «Общественный рейтинг» гезити айрым атуулдарга кайрылган. «Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаева парламентти азыр таркатуу зарыл эмес, деген пикирде. Анын айтымында, парламентти 24-марттан кийин таркатып ийсе туура эле болмок. Бирок да жаңы өкмөт аны менен иштешүүгө кайыл болуп, эки бийлик өз ара мунасага келип иштеп аткан чакта парламентти таркатып ийүүдөн эч нерсе деле өзгөрүлбөйт. Кийинки парламент азыркысынан мыкты чыгат деп эч ким кепилдик бере албайт.

Ушул эле темага бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев да токтолгон. Анын ырасташынча, азыркы парламентти таркатуунун мыйзам талап кылган жол-жобосу өтөле татаал. А көрөкчө Конституцияга ишин жөндөй албаган депутатты кайра чакыртып алуу жобосун киргизип, аны ишке ашыруу ыгын жеңилдетиш зарыл. Д. Нарынбаев алдыдагы беш жыл ичинде саясий партиялардын тажрыйба топтошуна шарт түзүп, Башмыйзамда кандай коомдук түзүлүшкө өтөрүбүз так жазылышы абзел деп эсептейт.

Эмдиги жылдын бюджетин эки эсеге көбөйтүү милдетин жаңы өкмөт алдына коюуда. Жыл сайын аз-аздан өсүп олтуруп 18 миллиард сомго жетип калган бюджеттин киреше бөлүгүн 32 миллиард сомго көтөрүү демилгеси биртоп бүдөмүк суроолорду жаратты. «Общественный рейтинг» гезитинин болжолуна ынансак, бюджетти бир жылда эки эсеге көтөрүүнүн кыйынчылыгы деле жок. Бирок да бул иш бир ирет гана болушу керек. Анын салакасы кандай болорун эч ким билбейт. Анын үстүнө Каржы министринин милдетин аткаруучу А.Жапаровдун ырасташынча, бюджетти эки эсе көтөрүү кыйын. Себеп дегенде, Кыргызстандын ички дүң продуктунун өнүгүш ырааты кийинки кездери кыйла жайлап калды.

Конституциялык реформа темасына жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Зарылбек Отунчиев «А парламенттен ким отчет талап кылат?» деген макаласында токтолгон. Айрым саясий күчтөр жаңы бийлик өз позициясын бекемдегиче конституциялык реформаны өткөрүп ийүү аракетин көрүшүүдө. Жаңы Конституция мамлекеттик тилде даярдалышы керек. Анда элдик курултай институтуна да орун берилсе туура болмок.

«Парламенттен да отчет сурай турган орган болушу керек. Болбосо интеллектуалдык жагы өтөле төмөн, базаркомдордон жана коммерсанттардан турган парламент «ай, дээр агасы, кой дээр кожосу жок» ээнбаштардын клубуна айланып баратат», деп жазат З.Отунчиев.

«Жыл өткөн сайын эл, анын интеллигенция деп аталган бөлүгү, кызматкерлер, бийликтегилер акылдуу, маданияттуу, жөнбилги болуп өсүп-өнүгүшү керек эле да. А эмне үчүн баары тескерисинче болду, айрыкча кийинки он жылча мезгил аралыгында? Бийлик ээси, жубайы менен кошо айга-күнгө теңелте макталды. Кошоматчылык болушунча болуп атты. Паракордук андан бетер. Атасынан мурасталган менчигинен бетер кызмат орундар кызылдай акчага сатылды. Коомдон кут качты»,- деп жазат Кенжаалы Сарымсаков жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде.

Антип улуттан улуулук качып, бийлик башында отургандардын өлүү дүйнөнүн жөнөкөй бир кулпендесине айланып кетиши жума күнкү «МСН» гезитиндеги илимпоз Арапбай Мариповдун макаласында да талдоого алынган. «Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт», дейт макала автору. Кыйла жылдар чогуу иштешип карым-катышы жакын адам катары автор А. Акаевдин кантип президент болгонун, үйдөгү бийликтин ээси Майрам Акаева эч тартынбай эле мамлекеттик иштерге кийлигишип келгенин, кызмат орундар кантип сатылганын, аягында колбала парламентти түзүү аракетинен майнап чыкпай, «биринчи леди» күйөөсүн, бала-чакасын алып карабашын калкалап өз жеринен качышка мажбур болгонуна токтолгон.

Ушул эле гезитте 17-июндагы башаламандыкты кимдер уюштурганы тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязовдун журналист Лейла Саралаева менен маеги жарыяланган. Маек «Лица» гезитинен алынган.
XS
SM
MD
LG