Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ӨЗБЕК ОППОЗИЦИЯСЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ДАГЫ БИР ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Июлдун онунда АКШ борбору Вашингтон шаарынын алдында өзбек оппозициясынын өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү. Айрым эксперттер аны оппозициянын биригиши десе, башкалар - 10-15 адамдын океандын нары жагында чогулуп сүйлөшкөнү Өзбекстандагы абалга көп деле таасир тийгизе албайт деген пикирде.

Вашингтон шаарынын алдындагы Александрия деген жерге "Эрк" партиясынын сүргүндө жашаган лидери Мохамад Салих, "Озод дехконлар" партиясынын жетекчиси Бабур Маликов жана дагы он чакты саясатчы менен адам укуктарын коргоочу чогулуп, Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанда түзүлгөн абал жана президент Ислам Каримовду бийликтен тынчтык ыкмалары менен кантип кетирүү жолдорун талкуулады.

Жыйынды уюштургандардын бири, Каримовдун кызы Гүлноранын мурдагы кеңешчиси Фарход Иногамбоевдин айтымында, жолугушууну - өзбек оппозициясынын биригиши деп бааласа болот:

- Он жылдан ашык убакыт бою Каримовдун режими оппозицияны ийгиликтүү бөлүп-жарып, анын мүчөлөрүн бири-бирине кайраштырып, дүйнө коомчулугуна - Өзбекстанда эч кандай алгылыктуу оппозиция жок деп айтып келген.

"Озод дехконлар" партиясынын жетекчиси Бабур Маликов мурда Өзбекстандын АКШдагы элчиси болуп иштеген жана анын айтымында, он чакты саясатчынын чет өлкөдө чогулганы жетиштүү эмес, күз айларында оппозициянын кеңири конгрессин өткөрүү керек:

- Вашингтондун алдындагы Александрияда 10 же 12 адам чогулдук. Биз жолугуп, Өзбекстандын бардык оппозициялык уюмдарынын өкүлдөрү катыша ала турган конгресс өткөрүүнү чечтик. Ким болбосун катышууга ал конгресс ачык болот жана анда биз стратегиябызды иштеп чыгабыз. Өзбек оппозициясынын тарыхында ал чоң окуяга айланууга тийиш.

"Эрк" партиясынын жетекчиси Мохамад Солихтин пикиринде болсо, өзбек оппозициясы бириксе дагы, ал убактылуу гана биригүү болот жана андай биригүү биринчи шайлоого чейин гана уланат:

- Биздин максат - убактылуу максат, режимди бийликтен кулатканга чейин гана биз бирдиктүү боло алабыз жана, эгер ийгиликке жетишсек, натыйжада жаңы күрөш башталат, анткени жаңы, демократиялык шайлоо дайындалууга тийиш. Ар бир партия өз талапкерлерин көрсөтөт.

Өзбекстандын өзүндөгү саясат таанучулардын пикиринде болсо, океандын нары жагында сүргүндөгү саясатчылар канча биригип, жыйын өткөрсө дагы, анын өлкөдөгү абалга таасири азырынча дээрлик жокко эсе.

Өзбекстанда бир да саясий партия расми катоодон өткөн эмес. 2001-жылдын аягынан тартып Ханабад шаарында америкалык аскерий база жайгаштырылгандан кийин кандайдыр бир ченемде катталбаган да оппозициялык уюмдардын аракеттери жандана баштаган, бирок май айында болгон Анжиян окуяларынан артынан Каримовдун бийлиги мурдагыдан да катуу саясат жүргүзүүгө киришти.

XS
SM
MD
LG