Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Чеченстанда аза күтүү күнү өттү


Шейшемби күнү республиканын борбору Грозныйдан алтымыш чакырым алыстыктагы Знаменское кыштагында болгон жардыруудан 14 адам каза тапкан эле. Бейшемби, 21-июлга аза күтүү күнү ушул кандуу окуяга байланыштуу белгиленген. Андагы жардыруудан мерт болгондордун ичинен 10 адам милициянын кызматкерлери. Учурда бул террактка катышы бар деп эсептелгендер изделүүдө.

Ченчен президенти Алу Алханов бүгүн буларды айтты:

- Бул кылмышты аткарууга түздөн-түз тиешеси бар эки-үч киши аныкталды. Менимче бул багыттагы ишке олуттуу мамиле жасалууда. Чечен Республикасынын калкына бул кара санатай кылмышты жасагандар табылып, сөзсүз жоопко тартыларын дагы бир жолу билдиргим келет.

XS
SM
MD
LG