Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Пакистан президенти өлкө калкын террорчулукка каршы күрөштө өкмөттү колдоого чакырды


Бейшембиде жасаган телекайрылуусунда Первез Мушараф Британ башкааласы Лондондо 7-июлда жасалган жардырууларды айыптады. Ал ошондой эле өлкө калкын экстремизмди четке кагып, террорчулукка каршы күрөштө өкмөттү колдого чакырды. Кабарларга караганда, соңку күндөрү Пакистандын бийликтери исламчыл экстремист деп шектелген жүздөгөн адамдарды камакка алган. Бул максатта жеке үйлөрдө, медреселерде, башка жайларда тинтүүлөр, рейдер өткөрүлдү. Полиция учурда аларды суракка алып жатат. Пакистанда исламчыл экстремист деп эсептелгендерге каршы жүргүзүлгөн бул соңку кампания Лондондо 7-июлда жасалган жардырууларга Пакистан тараптан да байланышы бар деген маалыматтардан кийин орун алып олтурат. Мунун аралыгында Пакистандагы массалык камоолор өлкөдөгү исламчыл партиялардын нааразылыгын жаратты. Алардын альянсы эртең өлкө боюнча демонстрация өткөрүү чакырыгы менен чыкты.

XS
SM
MD
LG