Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды


БИШКЕК. 22-июлда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча Ош облусундагы №39-Куршаб шайлоо окуругунда жана Бишкек шаарындагы №11-Курулуш окуругдарында үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен Куршаб округунун №58, 59 жана 62-шайлоо участкаларында, ал эми Курулуш окуругунун №1204 жана 1206-шайлоо участкаларында кайрадан добуш берүү болот. Бул шайлоо участкаларында кайра добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добуштарын алган талапкер Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп табылат. Шайлоо 31-июлда өткөрүлөт. Эки округдун бир нече шайлоо участкаларында кайрадан добуш берүү Жогорку сот Куршаб округунан депутаттыкка Адахан Мадумаровдун катталышын, ал эми Курулуш округунан Ольга Безбородованын катталышын жокко чыгаргандыгынын негизинде өтөт. Куршаб округундагы шайлоодо экинчи айлампага Мамат Орозбаев, ал эми Курулуш округунан Кабай Карабеков чыккан.

XS
SM
MD
LG