Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Феликс Куловго кол салуу даярдалуудабы?


БИШКЕК. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Куловго кол салуу даярдалууда. Бирок анын алдын алуу боюнча коопсуздук чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу 22-июлда «Азаттыкка» Куловдун жакын чөйрөсүнө кирген адамдардын бири билдирди. Анын айтымында, кимдер тарабынан Феликс Куловго кол салууга даярдыктар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө белгилүү. Бул жөнүндө Куловдун жан сакчылары тарабынан байкалган. Ал эми ички иштер министрлигинен Феликс Куловго кол салуу даярдалып жаткандыгына байланыштуу маалымат жок экендигин билдиришти. Жаңыдан президент болуп шайланган Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда кол коюлган меморандумга ылайык, Кулов премьер-министрлик кызматты ээлеши керек.

XS
SM
MD
LG