Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Өзбекстандык бозгундардын лагери 10 күнгө жабылды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Сузак райондук санитардык эпидемия станциясы өзбек бозгундары убактылуу баш калкалап турган лагерди жабуу тууралуу токтом кабыл алды. 21-июлдан тартып он күн бою лагерге жашылча-жемиш, тез бузулуучу тамак-аш азыктары киргизилбейт. Лагердин жабылышы 22-июлда райондук санитардык эпидемия станциясынын башкы дарыгери Мелис Жээнбаевдин түшүндүрмөсү боюнча, 8 өзбек жаранынын ооруканага жаткырылганы себеп болду. Лагерде иштеген дарыгерлердин тобу 101 бозгундан салманалиоз жана дизентерия ооруларды текшерүү үчүн анализ алды. Жугуштуу ооруларын алдын-алуу үчүн бозгундарга тиешелүү дары-дармектер таркатылды. Райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү кеселканага жеткирилген бозгундардын экөөсү оор абалда келип, 22-июлда сегизинин тең абалы жакшырганын билдирди.

XS
SM
MD
LG