Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

ЛОНДОН ЖАРДЫРУУЛАРЫ: КОЙОНДОЙ ОКШОШ ЫКМАЛАР


Британиянын ордо шаарында бейшембиде төрт жерде бомба жардыруу аракети болуп, колго жасалган бомбалардын негизги жардыргыч заты эмес, чакан дүрмөтү гана жарылган болчу. Полиция бул жардыруу аракетинин артында тургандарды иликтөөсүн улантууда. Адистердин айтымында, 7- жана 21-июлдагы жардыруулардын окшош жагдайлары арбын. Алар жергиликтүү коомчулукка тийгизген психологиялык терс таасир да өлчөөсүз зор болду.

Бейшемби күнү белгисиз террорчулар Лондондун үч метро бекетин жана кош кабаттуу бир автобусту жардырууга аракет жасашты. Бирок, кудай жалгап, чакан дүрмөттөр гана жарылып, эч ким андан олуттуу жабыр тарткан жок. Ал эми эки апта мурдагы жардыруулардын айынан 50дөн ашуун киши өмүрүнөн айрылган болчу.

Бул окуялардан кийин Лондондогу метрону күн сайын колдонууга аргасыз жүз миңдеген кишилер апкаарып, унаанын бул түрүнө өтө санааркоо менен түшүүдө, дейт ушул тапта Лондондо жүргөн кабарчыбыз Роберт Парсонс (Robert Parsons). Өлкөнүн өкмөт башчысы Тони Блэр калайыкты тынчтандырып, турмуш демейдегисиндей эле өтө берет, коопсуздук сакталат деп мекендештерин жайгарган менен, ордо шаардагы жүргүнчүлөрдүн көзүнөн эле кабатырлануу менен чочулоону сезе аласыз, дейт Парсонс.

Аны менен баарлашкан илимпоз, Стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун коргоо маселелери боюнча адиси, полковник Кристофер Лэнгтон (Christopher Langton) мырза 21-июлда толук жардырылбай калган заттын колго түшүшү мурдагы, 7-июлдагы жардыруулардын артында кимдер турганын иликтөө үчүн олуттуу мааниге ээ экенин айтты.

Бул эки башка күндөгү жардыруулардын уюштурулуш ыкмасы тим эле койондон окшош болуп чыкты, экөөндө тең үч башка метро бекети жана кош кабат бир автобус бутага алынган. Экөөндө тең жардыргыч заттар рюкзак менен ташылган жана жардыруу мөөнөтү дээрлик бирдей убакытка белгиленген.

Бирок бейшембидеги жардыруу өз максатына жеткен жок.

Полковник Лэнгтондун оюнча, бул эки башка күнү пайдаланылган жардыргыч заттарды бир эле топтогу террорчулар даярдашкан. Бирок экинчи жардыруу күнүнө чейин жардыргыч дүрмөт акырындап күчүн жоготкон деген пикирлер чындыкка жакын, дейт Лэнгтон:

- Менин шегимде, бул жардыргыч заттар эптеп-септеп колго жасалган дүрмөткө ээ болсо керек. Мунун өзүнөн улам дүрмөттү жасаган негизги техниктин өзү алгачкы жардыруулар маалында набыт болгонун, экинчи жардыруу күнү ал бул жерде боло албаганын түкшүмөлдөсөк болот. Ал эми кийинки техник бейшемби күнү колдонулган дүрмөттөрдү дурустап кураштыра албаса керек.

Ал эми жума күнү өздөрүн «ал-кайидачы» топтун бөлүгү болгон «Абу Хафс ал-Масри Кошуунунун» өкүлүбүз дегендер июл айындагы жардыруулардын баарын өздөрү жүзөгө ашыргандыгы тууралуу интернет аркылуу жар салышты. Бул билдирүүнү көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого азырынча мүмкүндүк боло элек.

Бейшембидеги жардыруу өзүнүн негизги мүдөөсүнө жетпеген менен, анын жалпы британдык коомчулукка тийгизген психологиялык кесепети өлчөөсүз зор болгонун кабарчыбыз Парсонс билдирет.

Жума күнү британдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү дагы бир жардырууга мүмкүндүк бербегенин расмий Лондон байма-бай айтууда, бирок жүрөгү үшүгөн британдык калайыктын санааркаган маанайын бул сыяктуу билдирүүлөр аркылуу бир эле күндө жайгаруу да мүмкүн эместей.

XS
SM
MD
LG