Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

БРИТАНИЯ ТЕРРОР ЧАБУУЛДАРЫНЫН ЧОРДОНУНА АЙЛАНЫП БАРАТАБЫ?


Төрөкул Дооров, Прага Британия Ирактагы саясаты үчүн көптөгөн жаңы террор актыларынын курмандыгына айланып калышы ыктымал. Бул тууралуу ушул жумада Британиядагы таасирдүү изилдөө уюм өзүнүн отчетунда билдирген. Бул кабары менен изилдөөчүлөр британ өкмөтүн Ирактагы саясаты үчүн жарга такагандай болду. Премьер-министр Тони Блэр мындай кооптонууларды улам четке кагып жатат.

Тони Блэр британиялык таасирдүү изилдөө борбору чыгарган жыйынтыкка кошулбай, исламчыл козголоңчулар Ирактагы согуш башталганга чейин эле террор актыларын жасап келишкенин айтты:

- Терроризм акыркы эки жылда эле башталды деп ойлогон адамдар жаңылышат. Мунун тамыры өтө терең. Террор чабуулдарын, албетте, коопсуздук чаралары менен жеңүү керек, бирок бул адамдардын идеялары менен ыкмасын жакшы түшүнүп билген да туура болот.

Британиядагы таасирдүү изилдөө борбору формалдык түрдө “Эларалык мамилелер боюнча падышалык институт” деп аталат. Ал жарыялаган кабарда “Британия Ирактагы согушта АКШ менен бирге аракеттенип жаткандыгы үчүн улам террор актыларына көп кабылып жатат” деп айтылган. Ошондой эле, “Ирактагы согуш “ал-Каида” өңдүү террор уюмуна окшош топторго катарын жаңы мүчөлөр менен толтурууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү” делет.

Ушул тапта Вашингтондо жашаган Энтони Кордесман убагында Пентагондо жана Мамдепартаментте иштеген талдоочулардын бири болгон. Анын айтымында, британиялык изилдөө борборунун соңку кабары анчалык деле чоң күчкө ээ эмес. “Ошентсе да, Британияда террор чабуулдары күчөйт деген да бир четинен жөндүү” дейт. Баары бир, исламчыл козголоңчулар Батыш саясатына каршы аракеттерин керек болсо АКШдагы 11-сентябрдагы террор актысынан мурда эле көрө башташкан деп эсептейт аналитик.

- Жалпысынан алганда, ислам экстремизми келтирген коркунучка каршы күрөшүүгө бел байлаган ар бир эле өлкө коркунучта. Ирак бул жерде башкы деле проблема эмес. АКШда 11-сентябрдагы окуядан мурда эле Франция, Германия өңдүү мамлекеттер террор актыларына кабылганын билесиздер.

XS
SM
MD
LG