Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Түркиянын чыгышында күрд лашкерлери менен кагылышуу чыкты


Түркиянын Ван провинциясында кечээ күнү өкмөттүк күчтөр менен күрддөрдүн ПКК партиясынын жоокерлери ортосунда куралдуу кагылышуу чыгып, эки күрд лашкери жана бир өкмөттүк аскер курман болду. Түрк өкмөтүнүн айтымында, провинцияда күзөт жүргүзгөн өкмөттүк аскерлерге күрд жоокерлери биринчи ок аткан. Күрд уюмдары эгемендүүлүк үчүн күрөшкөндүктөн, 1984-жылдан бери 30 миңге жакын адам курман болду, алардын көпчүлүгү күрддөр.

XS
SM
MD
LG