Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Түндүк Корея билдирүү таратты


Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан кризис тынчтык келишимине кол коюлса жөнгө салынышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү Пхеньян таратып, ал тынчтык келишими согушту токтотуу жөнүндөгү 1953-жылкы макулдашууну алмаштыраарын жарыя кылды. Билдирүүдө андан тышкары Корей жарым аралдарын өзөктүк куралсыз аймакка айландыруу ниети айтылат.

Ал эми АКШнын мамалекеттик департаментинин өкүлү Скот Макеллелан мындай деди:

- Түндүк Корея корей жарым аралдарын өзөктүк куралсыз аймакка айландырууга ниеттенип жатат. Ушундан улам эмдиги жумада баштала турган сүйлөшүүлөр натыйжа берет деген үмүттөнсөк болчудай. Түндүк Кореянын бийлиги өзөктүк программасынан баш тартыш үчүн стратегиялык чечимге барышы абзел. Албетте, ал дүйнө коомчулугу менен мамилесин оңдоого шарт түзөт.

Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр 26-июнда Бээжинде башталат. Ага АКШ, Орусия, Жапония, Түштүк Корея, Кытай жана Түндүк Корея катышат.

XS
SM
MD
LG