Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

БЮДЖЕТТИ ЭКИ ЭСЕ КӨТӨРҮҮ: КЫЯЛБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?


Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларды чапчып, жакырчылыктан чыга албагандардын катары көбөйүп кетиши 24-марттагы бийлик алмашуусун шарттады. Жаңы өкмөт саясий оюндарга алаксыбай, экономиканы өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу милдетин баарынан жогору коерун айтып, ушу тапта өз алдынча иш жүргүзчүлөрдүн текши баарына бирдей шарт түзүп берүү милдетин алдыга коюуда.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов быйылкы жылдын бюджетине кошумча 5 миллиард сом түшүрүп, кийинки жыл бюджетин кескин көбөйтүү, жакынкы аралыкта анын киреше бөлүгүн эки эсеге көтөрүү мүмкүндүгү бардыгын жарыя кылып келатат. Антишке негиз берчү ички экономикалык шарт-жагдайлар катары Д.Үсөнов мына бул факторлорду көрсөтөт:

- Бул энергетика тармагы жана алтын, тоокен өндүрүшү. Бул мамлекеттин тармагында турган позиция. Экинчиден, бул айыл чарба. Бизде элдин 70% айылда жашайт. Өзгөчө бул айыл жеринде жашаган кыргыздар. Кыргыз өкмөтү аларды ойлобосо кимди ойлойт? Үчүнчүдөн, кийим тигүү, жеңил өнөр жай тармагы. Ушул үч тармак эң көп жумуш орундарын түзүүчү тармак. Бүгүн биз жумуш орундарын түзүп, ишканаларды жүргүзүп иштеп калсак, Кудай буюрса, бир-эки жылда бутубузга туруп калабыз.

Өкмөттүн алдыдагы үч жылга эсептелген болжолу боюнча бюджеттин жалпы кирешеси гранттарды кошо эсептегенде эмдиги жылы 22 миллиард сомду түзмөкчү. Бул ички дүң продуктка карата 20,2% көрсөткүч. 2008-жылы бюджеттин кирешеси 28 миллиард сомго жетип, салыктардан казынага түшчү акчалар арбыйт. Бирок да Каржы министрлиги этият эсепке салып аткан көрсөткүчтөр жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүнүн эки эсе көбөйүшүнөн эч кандай шек-шоорат билдирбейт.

«Ысыккөл» инвестициялык банкынын президенти Болот Байкожоевдин айтымында, негизи бюджетти эки эсе көтөрүү идеясы ишке ашырылчу эле милдет. Ал үчүн тейлөө тармагынан түшчү салыктарды чогултууну жолго коюп, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу абзел. Азыркы шартта алдагыдай батыл кадам жасала элек. Тескерисинче элдик ыңкылаптан үч айдан бери ары-бери чайпалып аткан коом турмушу качан жайына келерин күтүп, көпчүлүк ишкерлердин колу сууп турган кези, дейт Болот Байкожоев.

- Бүгүнкү күндө ушул бийликке ишенчилик барбы же жокпу? Азыр баары тең эле күтүп жатат. Бийлик сөз эмес, өзү иш менен көрсөтүп, эртең шарт түзүп берсе, анда жылыш болот.

Быйыл, өкмөттүн болжолу боюнча, бюджеттин киреше бөлүгүнө түшчү аркыл булактардан чогулчу каржы 20 миллиард сомго аз жете бербеген акчаны түзөт. Салыктан түшчү акча 15,5 миллиард сомго жетиши керек. Болжолдонгон үч жыл ичинде бул сан дагы 2 миллиард сомго көбөйүшү ыктымал.

Өкмөт экономикалык өнүгүүнүн орточо ырааты жыл сайын 6% бираз жете бербеген көрсөткүчтү түзөрүн белгилеп, инфляция 4% деңгээлден ары көтөрүлбөй, Париж клубу карыздарды төлөөнү кийинкиге жылдырса тилеги менен отурат.

Буга кошумча улуттук акчанын долларга карата катышы кийинки эки жылдагыдай туруктуу сакталып турса ички дүң продуктунун жылдык өсүшү 6% азыраак жетпей жүрүшү мүмкүн.

Антип өкмөттүн эмдиги жыл бюджетине өнөржай өнүгүшү, айыл чарбасындагы өсүш, тейлөө тармагындагы көрсөткүч, курулуштун жанданышын алдыга чыгарып, мына ушул тармактарга өзгөчө үмүт артып отуруштун себеп-жөнү мындай. Эмдиги жылы «Сол жээк Талдыбулак» менен «Жерүй» алтын кендери ишке кириши керек. Дагы бир үмүт байлаган болжол, өкмөт бул ирет «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгарууга астейдил киришкени турат.

Көбүнесе саясий ураан-чакырыктардын улак тартышында кыйла убактысын өткөрүп ийген Кыргызстандын экономикалык кескин секирик жасашына азырынча ишенген адам аз, ишенбегендер арбын. Өкмөттүн алдыдагы сыноосу бул жерде эмес Парижде турат. Карыз акча берген өлкөлөрдүн Париж клубу бүтпөгөн доонун маселесин дагы талкуулайт.
XS
SM
MD
LG