Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Бакиев менен Рамсфельд 26-июлда жолугушат


БИШКЕК. 25-июлда Кыргызстанга Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Дональд Рамсфельд келет. Аны менен 26-июлда жолугушаарын 10-июлдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Курманбек Бакиев билдирди:

- АКШнын коргоо министри менен шейшемби күнү жолугушабыз. АКШ менен биз аскердик эле эмес, экономикалык жактан да көп жылдан бери келаткан мамилебиз бар. Ошондуктан сапар учурунда экономикалык байланыштар, коопсуздук маселелери каралат. Негизинен мына ушул эки маселе болот.

Ал эми Манас аба майданындагы база боюнча да Рамсфельдден кандай суроо болсо, ага жооп болот, деп белгиледи Курманбек Бакиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG