Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Экономика министрлиги чет өлкөлүк компания менен соттошууда


БИШКЕК. 27-июлда Биринчи май райондук сотунда Экономикалык өнүгүү жана өнөр-жай министрлиги жана “Шервуд и МакКензи” казак-америка биргелешкен компаниясы ортосунда сот жараяны болот. “Казакстан тудей” агенттиги жазып чыкканга караганда, 21-июлдагы сот жараянында Биринчи май райондук соту аталган министрликтин банк эсептерин жапкан. “Шервуд и МакКензи” компаниясынын ишенимдүү өкүлү Манас Султанов билдиргенге караганда, 1996- жылы аталган министрлик бул компанияга 1 миллоин 800 миң доллар карыз болгон. Аскар Акаевдин тушундагы бийлик бул карызга таптакыр көңүл бурбай койгондугунан карыз 4 жарым миллионго өстү дейт Манас Султанов. Экономикалык өнүгүү жана өнөр-жай министрлиги бул кырдаал боюнча 27- июлдагы сот жараянынан кийин гана маалымат беребиз деп билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG