Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Өкмөт паспорт маселесин талкуулады


БИШКЕК. 23-июлда өкмөт үйүндө вице- премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов паспорт маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ага Тышкы иштер министрлигинин, Маалымат ресурстары жана технологиялары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Медетбек Керимкулов билдиргенге караганда, өкмөт паспортторду таратуунун мөөнөтүн узартуу жана мамлекеттик төлөмдү азайтуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле кыргыз өкмөтү паспорт кризисин чечүүдө Миграция боюнча эл аралык уюмдун жетекчилигин кеңешчи кылып алууну чечти.

XS
SM
MD
LG