Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Өзбек бозгундарын суракка алуу убактылуу токтотулду


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук прокуратура түзгөн тергөө тобу облустун аймагынан убактылуу баш калка издеген өзбек бозгундарын суракка алууну он күндүк карантин мөөнөтү бүткөндөн кийин улантат. Тергөө тобу Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасынын жүздөн ашык кишинин суроо-өтүнүчүнө ылайык бозгундарды 13-майда болгон Анжиян окуясынын күбөлөрү катары сураштырып келаткан. Бозгундар лагеринде калган 426 өзбек жарандарынын көпчүлүгү журналисттер менен адам укугун коргоочуларга Анжияндагы митингге Өзбекстандагы жашоонун оордугу менен жумушсуздуктун, ишкерлерге жасалган тоскоолдук менен адам укугу сакталбагандыгы үчүн чыгышып, өкмөттүк аскерлер тарабынан жүздөгөн адам курман болгонун билдиришкен. Бозгундар лагери ичеги-карын оорууларына байланыштуу 21-июлда жабылган.

XS
SM
MD
LG