Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

ЕГИПЕТТЕГИ ЖАРДЫРУУЛАРДАН КЕМИНДЕ 88 АДАМ МЕРТ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага Египеттеги белгилүү Шарм Эл-Шейх курортундагы базар менен эки мейманкананын аралыгында бомбага толо үч машине жарылып кетти. Андан өлгөндөрдүн саны азыр 88 адамга жеткени айтылып жатат. Алардын көпчүлүгү египеттиктер. Акыркы 10 жылдан бери өлкөдө мындай ири алкакта террор актысы боло элек болчу.

Жума күнү түнкүсүн Египеттин Шарм Эл Шейх деген кооз курортундагы базарлар менен ресторандар адамдарга толуп, эл көңүл ачып жаткан. Түнкү саат 1:00 дөн эми эле өткөндө шаардагы базардын жанында бир машине жарылып кетти. Анын артынан курорттогу Наама Бей деген жерде кеминде дагы эки машине атылды.

Алардын биринде жанкечти олтурган болушу мүмкүн деп айтылууда. Анткени машине Газала Гарден мейманканасынын маңдайын түртүп, жарылган.

Көчөдө адамдардын денелеринин бөлүктөрү чачылып жатканын көргөн туристтердин үрөйү учуп, адамдар кыйкырып жатышты, туш тараптан “Тез жардам” машинелери келе башташты.

Бул окуяларга күбө болгон туристтердин бири мындай дейт.

- Биринчи бомба мен конгон мейманканада жарылды, ал өтө катуу болду. Анын артынан эле экинчиси... Азыр баары мейманканаларды таштап, деңиздин жээгине качып жатышат.

Бул террор актыларын биринчилерден болуп, Франция, Орусия жана Кошмо Штаттары айыпташты.

Андан кийин, “ал-Каида” террор уюму менен байланышта делген Абдулла Аззам кошуну бул жардырууларды жасаганын жарыялады. Бул кошун Сирия менен Египетте жайгашкан. Ал таркаткан кабарда айтылгандай, жардыруу мындан бир канча ай мурда болгон жардыруулардан кийинки кандуу чабуул болду. Азырынча бул кабардын чын-төгүнү көз карандысыз эксперттер тарабынан тастыктала элек.

Түндөгү кандуу чабуулдун кантип уюштурулганын иликтеп жаткан Египеттин Ички иштер министри Хабиб Эл-Адил кылмышкерлер сөзсүз табылат деп сөз берди:

- Бул инцидентти жасагандар ким болбосун, өтө коркунучтуу террор актысын жасашты. Бул – адамгерчиликке жата турган эч кандай баалуулуктарды алып жүрбөгөн терроризмдин көргөзмөсү. Кандай гана балакет болбосун, ал коопсуздук күчтөргө аны иликтөөгө жана бул кылмыш ишин жасагандарды тутууга кедерги боло албайт.

Жардыруу болгон Шарм Эл-Шейх мейманканасында өлкөнүн президенти Хосни Мубарак бир катар дүйнө лидерлерин эс алдырганы маалым. Андан сырткары Жакынкы Чыгыштагы тынчтык боюнча саммит да дал ушул мейманкада өткөн. Ишембиде президент Хосни Мубарак жардырууларды айыптап, анткен менен, “Египет эларалык террорго каршы күрөшүн уланта берет” деп билдирди.

Египеттин Туризм министри Ахмед Ал-Махраби жардыруулар өлкөнүн туризм өндүрүшүнө терс таасирин тийгизбей турганын айтты. Бирок өлкөнүн туризм өндүрүшү былтыры октябрда болгон террор актысынан толук оңоло элек. Анда жардыруулардан 34 адам өлгөн эле. Бул жолу да өлгөндөрдүн арасында сегиз чет элдик турист бар экени маалым болду.

XS
SM
MD
LG