Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

ЛОНДОНДО ЖАНКЕЧТИ БОЛУШУ МҮМКҮН ДЕП АТЫЛГАН АДАМ ЖАНКЕЧТИ ЭМЕС БОЛУП ЧЫКТЫ


Төрөкул Дооров, Прага Лондондо бейшембидеги жардырууну уюштургандардын бири жана жанкечти болушу мүмкүн делген шек менен аттырылып, өлтүрүлгөн адам террорчулар менен байланышы жок болуп чыкты. Бул тууралуу ишембиде кечинде белгилүү болду.

Жума күнү шаардык полиция Стокуэлл деген метро станциясында бир кишини жанкечти болушу мүмкүн деген шек менен атып салган. Анын чын эле жанкечти экени тууралуу маалымат ишембиге чейин айтылган жок. Ишембиде полиция аны террор актыларына байланышы жок деген билдирүү таратты. Бирок аны аткан полицей ал жигит кең кийим кийип, полициянын кыйкырыгына да токтобой, качканын айтып, андан кийин атканын билдирип жатат.

Өлтүрүлгөн адамдын аты - Энтони Фатай Уиллиамс. Анын апасы Мария бүгүн баласын акыркы сапарга узатып жатып, буларды айтты:

- Кимде ким күнөөсүз адамдарды өлтүрүү менен Кудайга кызмат кылып жатам деп ойлосо, алар жаңылышат. Анткени бул туура эмес, Терроризм – бул туура жол эмес, анткени ал тынчтыкты жаратпайт.

Полициянын ишениминде, ушул аптанын бейшембисиндеги төрт жардыруу менен 7-июлдагы төрт жардыруу ортосунда байланыш бар. Бирок эки башка жардыруулар ортосунда чоң айырма бар. Анткени ушул бейшембидеги жардыруулардан эч ким жапа тарткан жок, ал эми 7-июлдагы жардыруулардан 56 адам өлүп, 700дөйү жаракат алган.

Лондон полициясы “Бейшембиде транспорт каттамдарында жардыруу жасаганга аракет кылган” деген шек менен ишембиде экинчи адамды камакка алган. Кабарларга караганда, ал жума күнү кечинде кармалды. Кечээ полиция ушундай эле шек менен бир кишини кармаган эле. Азыр аларды суракка алуу уланып жатат.

Шаардык полициянын башчысы Йан Блэрдин айтымында, Британиянын тарыхында азырга чейин мындай дегээлде адамды кырдыруу иши боло элек болчу.

- Метро полициясы буга чейин мынчалык чоң сыноонун, чакырыктын алдында болгон эмес. Менимче, метро полициясы жана ага тийиштүү кызматтар эң мыкты иштерин көрсөтүп жатышат, бирок кызматкерлер буга чейин болгон окуялардан да заардуу коркунучтар алдында турушу мүмкүн.

Полициянын ишениминде, жардырууну төрт адам уюштурганга аракет кылган. Жума күнү шектелген адамдардын баарынын сүрөттөрү жарыя кылынды.

Полиция британиялыктарды жардырууларга тиешелүү кандай гана маалымат болбосун, дароо бийликтерге кабар берүүнү өтүндү.

- Шектелген төрт адамдын каерде экендигин билгендер, сөзсүз 999 деген номурга чалып, тез полицияны чакырыңыздар. Бул өзгөчө кырдаалдар кызматынын номуру. Элди кылмышкерлерге жакын болбоого чакырдык, - деди Лондондун полициясынын өкүлү.

XS
SM
MD
LG