Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА: ЭСКИ ЫРДЫН ЖАҢЫ ОБОНУ


Кыргызстан элдик кыймылынын 23-июлдагы кезектеги курултайында конституциялык реформа маселеси талкууланды. Жыйында Конституциялык кеңеш курамын өзгөртүү, аны кайрадан жазып чыгуу сунушу айтылды. Башмыйзамды саясий максат-мүдөөлөрдүн кызыкчылыгына пайдалануу тажрыйбасы Кыргызстанда А.Акаев бийлиги тушунда абыдан оожалган. Бул ирет конституциялык реформа демилгесин колунан жулдурган аткаруу бийлиги жаңы демилге менен чыгууда.

Элдик ыңкылаптан кийин айкүрүнөн коюлган эки маселенин бири - парламентти таркатуу, экинчиси - А.Акаевди кызматтан кетирүү болчу. Президенттик эки мөөнөттү үчкө алмаштырып 15 жыл өлкөнү башкарган А. Акаевдин качып кетиши анын колбаласы болчу парламентти арабөк абалга алып келди.

Жаңы өкмөт экономикалык-саясий чалкеш проблемалардын төөбастысында калган чакта парламент демилгени колго алып конституциялык реформанын туусун көтөрүп чыкты. Жалаң депутаттар, азыноолок өкмөт, жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган конституциялык кеңеш Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча негизинен мунасага келип, кыйла иштин өтөлүнө чыгып калган болчу.

Конституцияга кезектеги алымча-кошумча киргизүү аракети негизи А. Акаевдин кызматын таштай качып кеткенден улам чыкты. Ага чейин президенттин жоопкерчилиги, эки мөөнөттү бирге түшүрүү, өкмөттү өз алдынча кылуу зарылдыгы айтылганы менен ал бийлик башындагылардын колдоосуна ээ болбой келген.

Кыргызстан элдик кыймылынын демилгеси менен бүтөйүн деп калган ишти кайрадан козгоп чыгуунун артында дагыле болсо бийлик маселеси турат. Асыресе президенттин бийлик мөөнөтү 5 жыл менен эле чектелип калганы, мурдагы президенттин абсолюттук дегидей укуктарынын кыйласын парламент өзүнө алганы ыңкылапчыл маанайдагы аткаруу бийлигин камтама кылары турулуу иш.

Аны Кыргызстан элдик кыймылын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаровдун өзүнөн укканыбыз оң.

- Эми ошол Конституциябыз менен жашоого болобу, урматтуу курултайдын делегаттары?

- Болбойт, болбойт!!!

- Мен ойлойм, ал Конституция 6 жолу жамаачыланып тамтыгы да калган жок. Кайсы жерде кол койбой коет, кайсы жерде калат деп регламентте калчу майда-чүйдө нерселер жазылбай, ага өзөктүү гана принциптер жазылышы керек.

Жаңы президент К.Бакиев да Конституцияны кайрадан жазып чыгуу сунушун колдойт.

- Эми өткөн конституциялык кеңеш шашылыш түрдө болуп калды. Аны өзүңөр деле байкадыңар. Парламент шашылыш түзүп алып кетти. Кандайдыр бир ичинен калыстык болбой калды. Ошондуктан биз муну карайбыз. Элдик талкууга алып чыгабыз. Эл сөзсүз талкуулаш керек. Мен да, урматтуу коллегалар, Азимбек Бекназаровдун пикрине кошулуп кетким келет. Бул жерде майда-чүйдө нерселерди киргизе бербеш керек.

Бирок да Бишкектин «Октябрь» кинотеатрында жаңырган жаңы демилге башка саясий күчтөр тарабынан кандай кабыл алынары азырынча белгисиз.

Конституциялык кеңештин эксперттер тобунун жетекчиси Өмүрбек Абдырахманов алдагыдай аракет саясий тынчтыкка доо кетириши ыктымал деген пикирде:

- Анан кийин ага аткаруу бийлиги жакшы катыша албаса ал биздин күнөөбүз эмес да. Ошон үчүн ким азыр Кыргызстан деген араң токтоп келаткан нерсени - кайыкты дагы кылтылдатам десе, бул дагы бир нерсени, менин оюмча, экзотика жасагысы келгендердин иши болуш керек.

Жаңы демилгенин жактоочулары Конституциянын өзгөрүлгөн текстин калк таразасына коюлушу керек деп эсептешет. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жооптуу укуктук документ ириде адистердин элегинен өтүшү керек деп эсептейт.

- Кайрадан эл алданбашы үчүн эгер көп өзгөртүүлөр болсо Жогорку Кеңеш ал өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

Конституциялык реформа азыркыдай талашка түшөрүн сезип Конституциялык сот төрайымынын демилгеси менен президенттикке ат салышкандар принципиалдуу өзгөрүүлөрдү кабыл алышарын ырастап өз ара келишимге кол коюшкан. Кандайынан келгенде да, быйылкы күз конституциялык реформанын маселесин коштоп, кызуу саясий талаш-тартыш менен өтөт окшоп калды.
XS
SM
MD
LG