Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Кийиз боюнча эл аралык симпозиум ачылды


БИШКЕК. 22-июлда Кыргызстанда кийиз боюнча үчүнчү эл аралык симпозиум башталды. 3-августка чейин созула турган симпозиумга АКШ, Англия, Голландия, Германия, Монголия, Тажикстан жана Даниядан келген кол өнөр чеберлери, дизайнерлер жана маданият ишмерлери катышууда. Алар боз үйдү куруу жана аны жасалгалоо сырларын үйрөнмөкчү. Симпозиумду ачуу аземине тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, ЮНЕСКОнун өкүлү Клара Исаак жана башка ырасмий өкүлдөр катышты.

XS
SM
MD
LG