Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Адам өлтүрдү деген айып менен жети жыл бою түрмөнүн жертөлөсүндө өмүр өткөргөн адам тагдырын ким кандай элестетeт? Милициянын полковниги Таалай Бейшембиев Юсуп Көлбаевди буюртма жол менен атып өлтүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Жети жылдан бери абакта отурган Таалай Бейшембиев өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт.

Кылмыш жасаган адамга жазанын баары ак демекчи эгер ал акыйкатында эле сот өкүм угузгандай, адам канына забын болсо, анда бул жаза татыктуу. А эгер, Бейшембиев өзү айткандай күнөөсүз жерден адам өлтүрдү айыбы тагылып, карыптык турмушка күтпөгөн жерден кез келип отурсачы? Андай кейипкердин элесин жети жылдан бери өлүм жазасын күтүп отурган Таалай Бейшембиевдин өмүр-тагдырынан көрсө болот.

Жүрөк титиреткен мындай катаал тагдыр далай адамдын турмушун сындырып, тагдырын талкалаган. Тарыхта андай тагдыр буйругу кудайдан эмес адамдын эле колу менен жасалып келген. Албетте алар мезгил өтүп, мезгил жаңырганда акталган. Доордун курмандыктары тарых барактарында жазылып калган. Бирок баары кеч болгон. Мүмкүн эртең Таалайды да тарых актаар. Бирок анын түрмөдө отурган жети жылдык өмүрүн, жубайынын, бала-чакасынын көз жаш-азабын ким кайтарып берет?

Анын акталганы эртеңки тарых үчүн керектир. А пенде үчүн керекпи? Ушуларды акыл элегинен өткөрүп отуруп, арыктап-азган, жети жыл бою күн бетин көрбөгөн Таалайдан ден соолугуң кандай деп суроо берүүдөн тартынып турганыбызды сезди белем, ал: “Акыйкаттыкка жетсем он жылга жашарат элем. Бардык күчүм, ден соолугум акыйкаттыкка суусап, муштум болуп түйүлүп турат. Эркекмин, ден соолугум начарлады деп арызданчу мен эмес. Андан кымбат акыйкаттык турат,” деди.

Чынында жети жыл сызда, жан дүйнөсү сыздап абакта жаткан адамдын: “ак жеринен камалдым”- деген үнүнө ынана коюу кыйын экен. Пендечилик эмеспи, кантип эле, ак жеринен отурсун деген суроо чекчейип чекеде туруп алды. Таалай бул жагдайды сезди белем 37-38-жылдардагы Сталиндик репрессияны, өмүр көчү сыяктуу тарыхтын эски барактарын кайрадан жадында кайталап, өлүм жазасын алгандар отурган жерде эмне деген китептерди окуганын, непаада өлүм жазасын аткаруу өкүмү келип калса, апкаарыбай аткаруучулардын этегине жармашып жансоогалабай, өлүмгө тике карап: “тагдырыма жазылганы ушул тура”-деп, даяр турууга, тарых, адам тагдыры кайталанат дегенге өзүн ынандырып, көндүрүп жатканын айтып отурду.

Ошол жерде маркум каскадер Үсөн Кудайбергеновдун абакта отуруп айткандары эсиме түштү. “Мени түрмөгө салган заманга да ыраазымын. Эгер түрмөгө түшпөгөнүмдө достун да адамдын да агаласын билбей, кыргыз тарыхын окубай өтүп кетмекмин” деген эле. Көрсө эл тагдырын өз тагдырынан көрүп, көөнө тарыхка, улуттун өтмүшүнө моюн сунуп калган экен.

Анынсыңарындай Таалай Бейшембиев да милиция кызматында жүргөндөгү өмүр-өтмүшү, анын күнгөй-тескейи, мыйзам, жашоо ак-каранын ортосунда адам тагдырынын калчанышы сымал ой-чабыттарын акылдан өткөрүп, тагдыр, пешене деген улуу түшүнүккө моюн сунуп калгандай. Сөздөрү орундуу. Жаналгыч келсе да “сабыр кыл, мен сеникимин” деп айтууга өзүн даярдап, тагдырдын башка салганына бышыптыр.

Сөз арасында ал таңдын атканын, күндүн батканын божомолдоп билип, азаптуу күнгө бир курчуп, бирде мокоп өмүрдүн күлгүн убактарын түрү суук түрмө өзүнө алып бүтүптүр.

“Жети жылдан бери өлүм жазасын күтүп келем”- деди, ичиндеги арманын, бугун сыртка чыгарбай көөдөнү менен оор үшкүрүп. “Эмне үчүн өлүм жазасын алышым керек?” деген баягы жүрөгүн сыздаткан оор суроо кайрадан жүрөгүн эзе баштадыбы, Таалай Бейшембиев буларды айтып кирди:

- Мен камалышымды, мага коюлган айыпты 38-37-жылдагы репрессиянын кайталанышы деп билем. Эчендеген ата-бабаларыбыз эл-жер үчүн канын төгүп, жанын берсе, мен чоң саясаттын курмандыгы болдум. Мени күнөөлөп, ак-карасын жакшылап териштирбей туруп өлүм жазаны бергендерди кудайга койдум. Мен эмне үчүн Көлбаевди өлтүрүшүм керек эле?

Кезинде “жаңы кыргыз” аталган маркум Юсуп Көлбаев “Кыргызгазмунайзатты” менчиктештирүүгө каршы чыгып, чечендерден очорулган карызды кайтаруу маселесин кабыргасынан коюп, айтканынан кайтпай туруп алганда артынан аңдуу салышып, “Лукойлдун” Кыргызстандагы өкүлүнүн көзүн тазалоо буйругу берилет.

Кийинки маалыматтарга караганда, буюртма адам өлтүрүүчүлөр сырттан келчү экен. Аларга баары бир да кимдин буюртма берип, кимдин атылышы керектиги. Аткарган кызматы үчүн эсептешет да кете беришет. “Киллерди” сырттан анча-мынча адам жалдап келалбайт эмеспи. Акыл калчап көргөндө Султан Ибраимов, Насирдин Исановдордон кийинки буюртма өлтүрүүнүн анык фактысы Юсуп Көлбаев болгонун ким тана алат? Бул жөнүндө далай басылмалар баспадыбы.

Ушул өңүттөн алып, Таалай Бейшембиев:-“ Юсуп Көлбаевди эмне үчүн өлтүрүшүм керек эле?” деген суроону өзүнө-өзү берип келет:

- Эгер мен буюртма өлүмдүн аткаруучусу болсом, өлүп калганча айтмакмын. Бир келген өмүрүн ким өлүмгө кыйсын. Мени айрым дос, туугандар мурдагы президент Аскар Акаевге кечирим сурап жаз дешти. Мен күнөөлүү иш жасабасам, бирөөнү өлтүрбөсөм эмнеге кечирим сурашым керек. Ошондуктан кечирим сурап эч жерге кайрылган жокмун. Бирок сот адилеттүүлүгүн сурап, жөн жеринен камалып, өлүм жазасына кеткениме ачышып, кайрылбаган жерибиз калган жок. Мына жаңы бийлик келди. Мага адилеттүү мамиле болот деген ишенимдемин.

Бейшембиев Бишкектеги аскердик соттун чечими менен өлүм жазасын алган. Аскердик соттун төрагасы Дастан Айжигитов ал боюнча мындай пикирде:

- Таалай Бейшембиевдин айыбы тергөө корутундусу боюнча аныкталган. Өлүм жазасынын мараторийи бир жаңсыл болмойунча отура берет. Башка айла жок.

Аскердик соттун төрагасынын айтымында, Таалай Бейшембиев тергөө жыйынтыктарына ылайык сот аны күнөөлүү деп эсептейт. Бейшембиевди кесиптештери адам катары жакшы экенин айтышат. Бирок алар микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартышты. “Ал ишке жоопкерчилик менен мамиле жасачу”- дейт, бир кесиптеши.

Таалай Бейшембиев 1950-жылы Ысыккөл облусуна караштуу Боконбаев айылында туулган. Улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүрүп, ички иштер органдарында эмгек чыйырын баштаган. Бишкек шаарындагы мүлктү уурдоочуларга каршы күрөшүү бөлүмүн башкаруу ишеними учурунда ушул Таалай Бейшембиевге тапшырылган. Москвадагы ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн. Андан соң президенттик аппаратта иштеген. Улуттук Академиянын алдындагы коопсуздук жана туруктуулук боюнча илимий борборду ачып, жетектеп турганда камакка алынат. Айрым пикирлерге караганда, ал коррупциянын жана чоң саясаттын курмандыгы болду. Бул пикирде канчалык бир деңгээлде чындык бардай.

Таалай Бейшембиевдин жубайы Айнагүл мындай дейт:

- Биздин үй-бүлөдө өтө катаал трагедия эле болду. Тирүү атабыз жаныбызда жок. Жети жыл бою өлүм жазасын күтүү деген, бул бир азап, армандуу күндөр менен коштолду. 50 жашын Таалай түрмөдөн тосту. Күн өтө берет экен. Таалай күнөөлүү эмес экенин айтып, Кудайга жалынганда, жанында чыдап туралбайсың. Арызданып, барбаган жерим калган жок. Мына “Кыргызгазмунайзаттын” ошол кездеги кызматкери Шалкар Жайсаңбаев табылып, өзү келип жакшы болду. Ошондой адилеттүүлүгүн Таалайга да көрсөтөөр деген үмүттөмүн.

Айнагүл өмүрлүк жолдошу Таалай Бейшембиев менен баш кошуп жашаган бактылуу күндөрүн, кайгыга кабылган күндөрүн айтып, тынбай куюлган көз жашын сүрткөнгө үлгүрбөй жүрөгү сыздап, тагдырга наалат айтып отурду.

Ал эми Таалай Бейшембиевдин “Өлүмдөн корккон деле жерим жок, чындыктын өлүшүнөн корком” - деген сөзү хатада көпкө жаңырып турду. “Актыгымды, адам канына забын болбогонумду эл-журтум, бала-чакам билсе, алар мени жектебесе, мен үчүн жер карбаса өлсөм арманым жок”- деп, көккө карады. Жаратканга жалынды. “Кудай барлыгына ишенем, чындык эрте-кечпи ачыкка чыгат”- деди, өзүн-өзү басып.

Мындай учурда адамдын аянычтуу абалын айтуу бул жакта турсун, арманын чыдап угуу кыйын тура.
XS
SM
MD
LG