Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Лондондун полициясы жаңылыштыгын мойнуна алды


Улуу Британиянын полициясы 22-июлда Лондондун Стоквелл метробекетинин жанынан атып өлтүрүлгөн адам террактарга эч кандай тиешеси жок экендигин мойнуна алып жана бул кокустук үчүн өкүнгөндүгүн билдирди. Мындан 3 жыл мурда Британияга келген 27 жаштагы электрик Жан Шарл де Менезес Бразилиянын атуулу болуп чыкты. Бразилиянын өкмөтү окуяны тезинен дыкат иликтөөнү, Менезести Лондондун полициясы эмне үчүн аткандыгын жана анын коомдук транспорттогу жардырууларга тиешеси бар болушу ыктымал деп негизсиз билдирүү жасагандыгы боюнча так түшүндүрмө берүүнү Лондондон талап кылууда. Лондондогу мусулмандардын тобу да бул окуяны жанды ачыткан сокку деп кабыл алып, эгер полициялар ушинтип жаңылыша бере турган болсо, анда коом эки жикке жиктелип, террактарды иликтөө жаатында мусулмандардын кызматташуусуна тоскоолдук түзөт деген нааразылык пикирлерин билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG