Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

ЛОНДОН ПОЛИЦИЯСЫ ЖАҢЫЛЫШТЫГЫН МОЙНУНА АЛДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Улуу Британиянын полициясы 22-июлда Лондондун Токвелл метробекетинин жанынан атып өлтүрүлгөн адам террактарга эч кандай тиешеси жок экендигин мойнуна алды жана бул кокустук үчүн өкүнгөндүгүн билдирди. Мындан 3 жыл мурда Британияга келген 27 жаштагы электрик Жан Шарл де Менезес Бразилиянын атуулу болуп чыкты.

Бразилиянын өкмөтү окуяны тезинен дыкат иликтөөнү, Менезести Лондондун полициясы эмне үчүн аткандыгын жана анын коомдук транспорттогу жардырууларга тиешеси бар болушу ыктымал деп полициянын негизсиз билдирүү жасагандыгы боюнча так түшүндүрмө берүүнү Лондондон талап кылууда.

Лондондогу мусулмандардын тобу да бул окуяны жанды ачыткан сокку деп кабыл алып, эгер полициялар ушинтип жаңылыша бере турган болсо, анда коом эки жикке жиктелип, террактарды иликтөө жаатында мусулмандардын кызматташуусуна тоскоолдук түзөт деген нааразылык пикирлерин билдирип жатышат.

Жан Шарл де Менезес метронун Стоквелл багытындагы поездге түшкөнү келатканда полицейлер башына беш жолу аткандыгын бул окуяга күбө болгон бир жүргүнчү Марк Уитби төмөнкүчө айтып берген:

- Поезд жүргүнчүлөрдү чыгаруу үчүн эшигин ачып турган. Бул демейдегиден узактай көрүндү. Аңгыча мен ылдый болгула, жол бошоткула деген кыйкырыкты уктум. Мен оң жакты карап, поездге чуркап келаткан бир жигитти көрдүм. Ал ушунчалык катуу чуркап бараткандыктан бир аз чалынгансып калды. Анан эле тарс, тарс деген беш жолу ок атылды.

Ал эми Лондондун полициясынын жетекчиси Иэн Блэр Жан Шарл Менезес террактарга тиешеси бар деген шек менен изделип жаткан төрт адамдын бири катары кароолго алынгандыгын жана катуу чуркап баратканда кийиминин астында жардыргычты катып алган экен деген ой менен ок атылгандыгын билдирет:

- Мен ок атуу терроризмге каршы күрөштүн чегинде болду деген гана маалымат бере алам. Ар бир адамдын өлүмү абдан катуу кейитет, бирок кырдаалды түшүнүү менен айтканда, полицейлер ал адамды токтотууга чакырганда, ал полицейлердин талабына көнбөй койгондугун ачык айтып коюушум керек.

Ал эми Лондондун мэри Кен Ливингстон бул атууну терроризмге каршы күрөштүн чегинде болгон аракет деп баалап жатат:

- Эгер сиз бир адам менен кездешип калсаңыз жана ал жан кечтиге окшош болуп, акыл-эсин жогото элек болсо жардыргычын жардырып жибериши толук мүмкүн. Мындай учурда полиция анны куралсыздандыруу үчүн атууга мажбур болот. Демек, мындай жагдайда атайылап атып өлтүрүү саясаты толук колдонулушу мүмкүн.

Анткен менен Де Менезес койнуна эч кандай жардыргыч алып бараткан эмес экен. Тергөөчүлөр кийин анын бейшембиде болгон төрт жардырууга да эч кандай тиешеси жок экендигин аныктап чыкты.

Ушундан улам Лондондогу бир катар мусулмандар нааразы болушууда. Улуу Британиядагы Мусулмандар кеңешинин басма сөз катчысы Инаят Бунглавала бул тууралуу мындай дейт:

- Бул өтө кооптондура турган, айрыкча, мусулмандарды кооптондура турган иш болду. Анткени, эми алар өздөрүн бирөө шектүү деп эсептесе ушундай өлүм күтүп жатабы деп сезиши мүмкүн. Ошон үчүн мен бул коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууга терс таасирин тийгизет деген ойдомун

Лондондун полициясы болсо жардыруулардын учугун табууга мусулмандар жардам берет деп үмүттөнүп жатат. Ошондуктан полиция иликтөөгө жардам берүү чакырыктарын таратып, узак мөөнөттүү кызматташуу гана максатка жеткирээрин баса белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG