Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

ЕГИПЕТТЕГИ ТЕРРАКТТАН ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН САНЫ АЛИ ТАК ЭМЕС


Бүбүкан Досалиева, Прага Кечээ Египеттин курорттук Шарм-эш-Шейх деген шаарындагы жардыруу боюнча 70ке жакын адам кармалды. Египеттин Ички иштер министри Хабиб ал Адли Шарм-эш-Шейхтеги жардыруу өткөн жылы дагы бир курорттук шаар Табада болгон жардыруу менен байланышы бар экендигин жокко чыгарган жок. Ал Шарм-ал-Шейхтеги жардыруудан кеминде 90го жакын адам өлүп, 200дөн ашуун адам жараат алгандыгы айтылууда. Жардырууну болсо террористтик эки уюм-бири жергиликтүү, экинчиси “ал-Каида” менен байланышы бар уюм дароо мойнуна алды.

Египеттин президенти Хосни Мубарак жабыр тарткандар менен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты:

- Жазыксыз набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Сиздерди террорчулукка каршы жана биздин улутубузга, өлкө элине коркунуч туудурган ар кандай күчтөргө каршы күрөштү уланта берем деп ишендирип өткүм келет.

Египеттин расмий бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, каза болгондордун арасында 34 адамдын ким экендиги аныктала элек. Алардын ичинен чет өлкөлүк 7 турист бар экендиги жана алардын экөө Улуу Британиялык, экөө Германиялык, калгандары Италиянын жана Чехиянын атуулдары экени айтылууда.

Шарм-эш-Шейх Египеттин дүйнө жүзүнөн көп туристтер келе турган эң атактуу шаарларынын бири. Ал туристтерден эле жылына 6 миллиард доллар киреше алат. Египеттин бийлиги ал жерге быйыл 8 миллион турист келет деп болжолдоп жаткан. Эми ал болжол ишке ашпай калаары шексиз болуп калды деп айтып жатышат. Ал тургай эс алуусу бүтө элек туристтер эртелеп үйлөрүнө кайта башташты.

Алардын бири, өзүн Крис деп тааныштырган турист мындай дейт:

Биз бул жакта дагы бир аптадай болушубуз керек эле, бирок эртең менен мекенибизге учуп кетебиз. Демек, бир апта эрте үйүбүзгө кайтып жатабыз.

Анткен менен эс алуусун террорчулук токтотпосун билдирген адамдар да жок эмес. Алардын бири Израилдин Этан аттуу атуулу буларды билдирди:

- Биз бул жерде эс алууну улантуу оюбуздан кайтпайбыз. Анткени, мындай окуялар башка жерлерде деле кайталанышы ыктымал. Менимче, Израилден келген туристтер бул сыяктуу каргашалуу жагдай менен эсептешип жашоого туура келээрин дурус билишет.

Ал эми айрым маалымат каражаттары бүгүн Египеттен Италиянын 3 миң туристи үйүнө кайтып кетишкендигин кабарлап жатышат. Италиянын бир атуулу каза болуп, экөө дайынсыз.

XS
SM
MD
LG