Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Көк паспорттор 2007- жылга чейин жарайт


БИШКЕК. 1994-жылкы үлгүдөгү көк паспорттун мөөнөтүн кыргыз өкмөтү 2007- жылдын 1- июлуна чейин узартты. Премьер-министрдин аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысы Жоробек Айдаров билдиргенге караганда, бул паспорт менен АКШ жана Канада киргизбейт. Ал эми Англиянын “Де Ля Ру” компаниясынан келген 10 миң нускадагы паспорт мамлекеттик иш менен чыгып бараткан чиновниктерге, АКШ менен Канадага дарыланууга бараткан оорулууларга, окууга бараткандарга жана ар кандай кырсыктын айынан кетип бараткандарга берилет. Мамлекет ичинде жүрүүчү паспорт 60 сом, чет мамлекетке чыга турган паспорт 380 сом турат. ИИМ тараткан маалыматка караганда, учурда 400 миңге чукул атуулдун паспорту жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG