Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Жогорку соттун судьясын сабады делген А. Юсупов соттолду


БИШКЕК. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжановду урган деген айып тагылып жаткан Абдулла Юсуповду шарттуу түрдө 3 жылга кести. Ал 17-июндан бери Бишкек тергөө абагында кармалып жаткан. Сотто коомдук укук коргоочу болгон Азиза Абдрасулова билдиргенге караганда, сот жогорку жаза берди жана Жогорку сотко аппеляциялык арыз жазылат.

Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжанов 18-апрель күнү түшкү тамактанууга чыгып баратканда топтошкон адамдар кол салып, жулмалап, денесине жеңил жаракат келтирген. Низамидин Азимжанов 24-марттагы ыңкылаптан кийин Феликс Куловду актаган сот жараянында төрагалык кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG